Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:29
Кирилл Дмитриев жана Стив Уиткофф. Архив сүрөт.
Кирилл Дмитриев жана Стив Уиткофф. Архив сүрөт.

АКШ–Орусия сүйлөшүүлөрү өттү

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




15:38 3.5.2022

"Путин 9-майда Украинага формалдуу согуш жарыялашы мүмкүн"

CNN басылмасы өздүк булактарынын маалыматына таянып, Москва 9-майда Украинага каршы формалдуу согуш жарыялашы мүмкүн экенин жазды.

Анда айтылгандай, АКШ, Батыш өлкөлөрүнүн расмийлери муну менен Орусиянын президенти Владимир Путин Украинада согушуп жаткан орусиялык армиясын толукташы мүмкүн деген ойдо.

Байкоочулардын басымдуу бөлүгү Кремл Киевди кыска убакыт аралыгында басып аларын ойлоп, эки айдан бери уланып жаткан толук масштабдуу согушка даяр эмес болгонун белгилешүүдө. Бул согушта Орусиянын ресурстары жетишсиз болуп жатканы да айтылган.

15:53 3.5.2022

Евробиримдик газды Орусиянын ордуна Африкадан сатып алууну пландап жатат

Европа Биримдиги Африка өлкөлөрү менен газ менен камсыздоо боюнча кызматташууну карап жатат. Евробиримдик 2022-жылы энергетика тармагында Москвадан көз карандылыгын дээрлик үчтөн экиге кыскартууну көздөөдө. Бул боюнча документти Еврокомиссия май айынын аягында кабыл алышы мүмкүн. Мындай маалыматты Bloomberg документтин долбооруна таянып жазды.

Анда Африкадагы Нигерия, Сенегал жана Ангола сыяктуу өлкөлөрдүн "суюлтулган газ тармагында негизинен пайдаланылбаган потенциалы бар" деп айтылган.

15:55 3.5.2022

АКШ элчиси Москва Донбассты аннексиялоого даярданып жатканын эскертти

Орусия Украинанын Донецк жана Луганск облустарындагы жикчил түзүмдөр менен Херсон облусундагы ыктымал түзүмдү аннексия кылып, өзүнө кошуп алууга даярданып жатат. Бул тууралуу америкалык чалгын кызматына таянуу менен АКШнын Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы (ЕККУ) элчиси Майкл Карпентер жарыялады.

Анын айтымында, Москва алгач аталган аймактарда Орусияга кошулууну жактаган жасалма референдумдарды өткөрүп, ошондон кийин чечим кабыл алынат. Бул үчүн орус күчтөрү азыр басып алып жаткан Херсон облусунда көз карандысыздык жарыяланат. Элчи бул иштер май ичи аткарыларын кошумчалады.

16:07 3.5.2022

“Чек арасыз кабарчылар”: Иш жүзүндө Орусияда сөз эркиндиги жок болду

Москванын Украинага чабуулу башталгандан бери Орусияда сөз эркиндигине болгон укук иш жүзүндө таптакыр жок кылынды. Бул тууралуу 3-майда “Чек арасыз кабарчылар” эл аралык өкмөттүк эмес уюму жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигинин жылдык рейтингин чыгарган баяндамасында жарыялады.

Орусия 180-орундук рейтингде 150-орундан 155-орунга түштү. Бул - өлкө тарыхындагы эң начар көрсөткүч. “Чек арасыз кабарчылар” уюму мунун себебин Орусияда аскердик цензура киргизилип, көз карандысыз басылмалар жабылганы жана журналисттерди куугунтукка алган мыйзамдардын кабыл алынганы менен түшүндүрдү.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG