Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:14
Кирилл Дмитриев жана Стив Уиткофф. Архив сүрөт.
Кирилл Дмитриев жана Стив Уиткофф. Архив сүрөт.

АКШ–Орусия сүйлөшүүлөрү өттү

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




18:21 3.5.2022

“Азовсталь” заводунун алдында кеминде 200дөй адам калды

Украинанын Мариупол шаарындагы орус күчтөрүнүн камоолунда жаткан “Азовсталь” заводунда каршылык көрсөтүп жаткан украин аскерлери менен чогуу кеминде 200дөй адам калды. Бул тууралуу Мариуполдун мэри Вадим Бойченко 3-майда кабарлады.

“Азовсталь” заводунда эки айча убакыттан бери алгачкы эвакуация 30-апрелде жана 1-майда ишке ашкан. Украинанын президенти Владимир Зеленский БУУнун жана Кызыл Чырым уюмунун ортомчулугу менен заводдон 100дөн ашык адам, көбүнчө аялдар менен балдар бошотулганын билдирген. Алар украин бийлиги көзөмөлдөгөн тарапка, Запорожьеге баратышат. Жолдо болуп жаткан атышуу алардын өтүүсүнө тоскоолдук жаратууда.

11:18 4.5.2022

3-майдагы жаңы ракеталык чабуулдар

Украинанын бир нече облусу жана шаарлары - Одесса, Кропивницкий, Киев, Львов, Кировоград облусу, Винница ракеталык аткылоого кабылды.

Украинанын ЖМКсы Винницада эки ракета атып түшүрүлгөнүн кабарлады, Львовдо беш жарылуу болуп, шаардын жарымы электр жарыгы жок калганын мэр Андрей Садовый ырастады. Дагы бир ракета Киевге учуп келе жатканда жок кылынганын Украинанын ИИМнин башчысы Антон Геращенко билдирди.

11:35 4.5.2022

"Азовсталдан" тирүү чыгып, кийин атылган украиналык аскердин сөөгү туугандарына берилди

Мариуполдогу заводдун жер төлөсүндө жатып кийин орусиялык аскерлерге туткунга түшкөн Дан Звониктин сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди. Аскердин энесине адегенде уулунун өлүп жатканы тартылган сүрөтүн жиберишкен, 1-майда сөөгүн беришкен. Жакындары маркумдун чыкыйында тешик барын көрүшкөн.

Аскер туткундары тартылган видеону 20-апрелде "ДЭРдин" "элдик милициясынын" басма сөз катчысы жарыялаган. Кадр артындагы үн "эл аралык мыйзамдарга ылайык, туткундардын өмүрү сакталарын" билдирген. Кечирээк орус сегментинде Звоник "неонацисттик идеяны карманганы" үчүн жок кылынганы тууралуу кабарлар чыккан.

Дан Звониктен башка Украинанын төрт жоокери колго түшкөн. Алардын тагдыры азырынча белгисиз. "Важные истории" басылмасы аскерлердин биринин жубайына байланышканда ал күйөөсү 19-апрелдин кечинде чалганын, Новоазовск ооруканасына алып баратканын кабарлаганын айткан. Андан кийин байланышка чыккан эмес. Аялынын айтымында, ал ооруканага да жеткирилген эмес.

11:43 4.5.2022

Жогорку Рада: Орусия нацизм менен согуштагы жеңишти энчилеп алып, тарыхты бурмалоодо

Украинанын Жогорку Радасы Орусиянын Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңишти энчилеп алганы кабыл алынгыс деген билдирүү таратты.

Украиналык депутаттар Орусия тарыхый фактыларды бурмалап, нацизм жана фашизмге каршы жеңишти өзү гана жеңгендей түр көрсөтүп жатат деп белгиледи.

"Жеңиш Гитлерге каршы коалициянын жана бошотуучу кыймылдын жалпы жетишкендиги, согуш дүйнө элдеринин жалпы трагедиясы болгон" деп жазылган билдирүүдө.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG