Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:59

“Азовсталь” заводунун алдында кеминде 200дөй адам калды


Азовсталь” заводунун алдынан адамдарды чыгаруу учуру.
Азовсталь” заводунун алдынан адамдарды чыгаруу учуру.

Украинанын Мариупол шаарындагы орус күчтөрүнүн камоолунда жаткан “Азовсталь” заводунда каршылык көрсөтүп жаткан украин аскерлери менен чогуу кеминде 200дөй адам калды. Бул тууралуу Мариуполдун мэри Вадим Бойченко 3-майда кабарлады.

“Азовсталь” заводунда эки айча убакыттан бери алгачкы эвакуация 30-апрелде жана 1-майда ишке ашкан. Украинанын президенти Владимир Зеленский БУУнун жана Кызыл Чырым уюмунун ортомчулугу менен заводдон 100дөн ашык адам, көбүнчө аялдар менен балдар бошотулганын билдирген. Алар украин бийлиги көзөмөлдөгөн тарапка, Запорожьеге баратышат. Жолдо болуп жаткан атышуу алардын өтүүсүнө тоскоолдук жаратууда.

Украин бийлиги орус аскерлери заводду аткылоосун жандантып жибергендиктен, андан жайкын тургундарды чыгарып кетүү токтоп калганын билдирди.

Мариуполдун мэри Вадим Бойченко мурда шаарда 400 миңдей калк жашаганын, орус аскерлеринин баскынчылыганан кийин анда 100 миңдей калк жашап жатканын маалымдады. Шаар башчысы калган тургундар Орусия тарапка күч менен чыгарылып кеткенин тактады.

Орусиянын мамлекекеттик ТАСС Коргоо министрлигине таянуу менен Украинадан Орусияга 1 миллиондой адам чыгарылганын, анын 200 миңи балдар экенин 3-майда жазды. Коргоо министрлигинин өкүлү Михаил Мизинцев “булар Орусиянын көзөмөлүнө өткөн аймактардын тургундары” экенин айткан.

Украинанын Донецк облусунда, Азов деңизинин жээгинде жайгашкан Мариуполдун дээрлик бардык аймагын орус аскерлери мартта эле басып алган. “Азовсталь” заводунун аймагында калган украин аскерлери гана каршылыгын улантып, толугу менен курчоодо калган. Заводдун алдындагы баш калкалоочу жайларда миңдей украиналык жашынып жатканы айтылган. Шаарда канча киши өлгөнү белгисиз. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG