Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:04

Кадамжай: бүтүрүүчү класстын окуучусунун суициди иликтене баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2-май күнү Кадамжай районунун Марказ айылынын 16 жаштагы тургуну жашаган үйүнүн короосунда асынып каза болгонун Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

"Окуя милициянын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталды. Каза болгон баланын атасы Ош шаарында дарыланып жатканы, энеси Орусияда миграцияда экендиги маалым болду”,-деп айтылат облустук милиция тараткан маалыматта.

Кыргызстанда акыркы жылдары өспүрүмдөр арасында өз жанын кыйгандар көбөйгөнү байкалууда. Борбор Азияда суицид боюнча Казакстан биринчи орунда, андан соң Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстан турат. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG