Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:55
Кирилл Дмитриев жана Стив Уиткофф. Архив сүрөт.
Кирилл Дмитриев жана Стив Уиткофф. Архив сүрөт.

АКШ–Орусия сүйлөшүүлөрү өттү

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




14:49 4.5.2022

Путин менен Макрон марттан бери биринчи жолу телефондон сүйлөштү

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Франциянын президенти Эммануэл Макрон 3-майда телефондон сүйлөштү. Бул эки мамлекет башчынын марттын аягындагы байланышынан берки биринчи жолку сүйлөшүү болду. Кремлдин маалыматына караганда, сүйлөшүү эки сааттан ашык созулду.

Макрондун расмий сайтында жазылгандай, ал Путинге “Азовсталь” заводунан адамдарды мындан ары эвакуациялоону камсыздоону суранды. Француз президенти Украинада ок атышууну толук токтотууну да өтүндү. Ал Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана суверенитетин сактаган абалда тынчтык келишимине жетүү үчүн Путин менен сүйлөшүүсүн дагы уланта турганын айтты.

17:08 4.5.2022

Еврокомиссия орус мунайын Евробиримдикке киргизүүгө тыюу салууну сунуштады

Европа Комиссиясы Москванын Украинага кол салганына байланыштуу киргизилип жаткан санкциялардын алтынчы пакетинин долбоорун Европа Биримдигине мүчө мамлекеттерге жөнөттү. Бул тууралуу комиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен 4-майда билдирди.

Документте Орусиянын мунайзатын уюмга мүчө мамлекеттерге ташып кирүүгө тыюу салуу сунушталды.

“Биз Орусиядан чийки мунайды ташып кирүүнү алты айдын ичинде, мунай продуктуларын ташып кирүүнү жыл аягына чейин токтотобуз. Бул орусиялык мунайдын деңиз жана куур менен алып келинчү, чийки жана тазаланган, кыскасы бардык түрлөрүн импорттоого толук тыюу салуу дегенди түшүндүрөт. Бул жеңил болбойт. Уюмдун айрым мүчө мамлекеттери орус мунайына көз каранды. Бирок биз мунун үстүнөн иштешибиз керек”, - деди Урсула фон дер Ляйен.

17:13 4.5.2022

Байден Javelin куралын чыгарган заводго барды

АКШнын президенти Жо Байден шейшембиде Алабама штатындагы Трой шаарында жайгашкан Lockheed Martin концернинин коргонуу тармагындагы заводуна барды. Бул ишканада танкка каршы “Жавелин” (Javelin) куралы өндүрүлөт. Орусия Украинага кол салгандан кийин Вашингтон бул куралды Киевге көп көлөмдө жеткирип жатат.

“Америка добушу” басылмасы жазгандай, Байден анда жумушчулар менен жолукканда, АКШнын Украинага берип жаткан жардамындагы алардын салымын белгилеп, ыраазычылык билдирди.

“Украиналыктар бул күрөштү жана Орусияны стратегиялык жактан жеңүү үчүн согушту улантууга жөндөмдүү болуп жатканы - алардын артында Кошмо Штаттары жана алардын өнөктөштөрү тургандыгында. Анын ичинде силер да барсыңар. Силер ал адамдардын жашоосун өзгөртүп жатасыңар."

17:46 4.5.2022

Орусия Украинадагы согушту сындаган журналистке издөө жарыялады

Орусиянын Ички иштер министрлиги журналист Украинадагы согушту айыптаган журналист Александр Невзоровго издөө жарыялады. Теле алып баруучу орус армиясы тууралуу чындыкка жатпаган маалымат таратууга шектелүүдө.

Невзоровго кылмыш иши козголгонун Тергөө комитети 22-мартта кабарлаган. Анда журналисттин Украинанын Мариупол шаарындагы төрөткананы орусиялык аскерлер аткылаганы тууралуу билдирүүсү иликтөөгө алынып жаткан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG