Өткөн суткада Киев облусунан 20 жайкын тургундун сөөгү табылды
Бул маалыматты облустун полициясынын башчысы Андрей Небытов билдирди. Анын айтымында, Киев облусунун орус аскерлери тарабынан оккупацияланган аймагынан жана Буча, Бородянка, Гостомель шаарларынан жалпы 1285 адамдын сөөгү табылган. Алардын 282синин өздүгү тактала элек.
Киев полициясы орус аскерлери жайкын тургундардын айрымдарын күчкө салып өлкөдөн сыртка чыгарып кеткенин, алар менен байланышууга мүмкүн болбогонун маалымдады.
Евробиримдик Молдовага аскердик техникаларды берет
Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель Кишиневге болгон сапарында Еврокеңеш Молдовага аскердик-техникалык жардамдын көлөмүн көбөйтүп, өлкө армиясын жаңы жабдуулар менен камсыздаарын айтты.
Украинанын Мариупол шаарындагы драма театрга орусиялык аскерлердин 16-мартта жасаган авиасоккусунан 600дөй адам каза тапкан. Бул тууралуу Associated Press (AP) маалымат агенттигинин журналисттик иликтөөсүндө айтылат.
Журналисттер аман калган адамдар арасында сурамжылоо жүргүзгөн, имараттын кабаттуу пландарын, соккуга кабылганга чейинки сүрөттөрдү жана видеолорду анализдешкен. Театрдын 3D-модели түзүлүп, күбөлөрдүн кайсы жерде жашынып жатканы тууралуу маалыматтардын негизинде маркумдардын саны аныкталган.
Күбөлөр имараттын дээрлик ар бир чарчы метринде бирден адам болгонун билдирген. Адамдар коридорлордо, бөлмөлөрдө жаткан. Ашкананын өзүндө эле 100дөй адам болгон, алардын бирөө да тирүү калган эмес.
Associated Press сөөктөрдүн көбүн Орусия чыгарып кеткенин жазды. Агенттиктин иликтөөчүлөрү согуш маалында өлгөндөрдүн так санын айтуу кыйын экенин, бирок спутниктен алынган кадрлар менен кеп болгон сан аныкталганын белгилешкен.
Иликтөөдөгү сан шаардык бийликтин мурда айткан эсебинен эки эсе көп. Шаар бийлиги театрдын астындагы баш калкалоочу жайларда кеминде 300дөй адам каза болгонун билдирген. Кызыл Чырым уюму мерт болгондордун саны 500дөн кем эмес экенин айткан.
Драма театрдын чатырында куш учкан бийиктен көрүнө турган “балдар бар” деген жазуу болгон. Ага карабай имаратка авиасокку урулганын ЕККУ эл аралык гуманитардык укукту бузуу катары баалап, аскердик кылмыш деп мүнөздөгөн.
Орусиянын Коргоо министрлиги театрды украин аскерлери аткылаганын билдирип, өз аскерлерин актаган болчу. Бирок ага жетиштүү далил келтире алган эмес.
Украиналык басылмалар "Азовсталь" заводун көзөмөлгө алуу үчүн экинчи күн катары менен айыгышкан кармаш жүрүп жатканын кабарлашты. Шейшембиде өндүрүштүн аймагында катуу өрт чыккан.
"Азовсталда" учурда украиналык аскерлер, эвакуацияланбай калган жай тургундар бар. Мариуполдогу украиналык аскерлер 4-майда байланышка чыгып, орусиялык куралуу күчтөр заводдун аймагына киргенин ырасташкан.