Британия Орусияга каршы санкцияларын кеңейтип, дагы 63 орус жаранын жана компаниясын "кара тизмеге" киргизди. Санкцияга илинген жарандардын арасында теле алып баруучу Михаил Леонтьев жана Наиля Аскер-заде да бар.
Санкциялардын тизмесине төмөнкүлөр кирген:
- Коргоо министринин орун басары Николай Панков;
- Орусиянын президентинин жардамчысы,
- Биринчи каналдын директорлор кеңешинин башчысы Максим Орешкин;
- "Открытие" банкынын башчысы Михаил Задорнов;
- Совкомбанкынын башкармалыгынын төрагасы Дмитрий Гусев;
- Биринчи каналда "Однако" программасынын алып баруучусу Михаил Леонтьев;
- Теле алып баруучу Наиля Аскер-заде;
- Бүткүл орусиялык мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын аскерий корреспонденти Евгений Поддубный;
- "Комсомольская правданын" корреспонденты Александр Коц;
- Улуу Ата Мекендик согуштун борбордук музейинин директору Александр Школьник;
- Бүткүл орусиялык мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы,
- ПАО "КамАЗ".
Британ компанияларына Орусияга менеджмент боюнча консалтинг, бухгалтердик эсеп жана PR кызматтарын көрсөтүүгө дагы тыюу салынды. Социалдык тармактар, интернет кызматтары жана тиркеме дүкөндөрү RT жана Sputnik контентине бөгөт коюшу керек.
Украинанын орус күчтөрүнүн камоолунда жаткан Мариупол шаарынан эвакуацияланган дагы 344 адам украин бийлиги көзөмөлдөп турган Запорожье шаарына келип түштү. Бул тууралуу Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук кабарлады.
3-майда аталган шаардан чыгарылган 156 адам Запорожьеге алып келинген. Анын ичиндеги 101 киши “Азовсталь” заводунан чыгарылгандар болчу.
Заводдун алдында эки айча убакыттан бери жаткандарды алгачкы жолу эвакуациялоо Бириккен Улуттар Уюмунун жана Кызыл Чырым уюмунун ортомчулугу менен ишке ашты.
Болгария парламенти Украинага гуманитардык, каржылык жардам берүүнү жактырды. Андан тышкары аскердик жардам катары талкаланган украиналык техникаларды оңдоп берет.
Лукашенко Украинадагы согуш созулуп кеткенин айтты
Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко Орусиянын Украинага кол салуусун кайрадан комментарийлеп, анын созулуп кеткени күтүүсүз болуп жатканын билдирди. Бул тууралуу пикирин ал бейшембиде Associated Press (AP) маалымат агенттигине курган маегинде айтты.
“Чынын айтсам, мен бул операция мындай жол менен созулуп кетет деп ойлогон эмесмин. Мен орусиялыктардын планындай кетип барат деп айта албайм, темага анчалык кирбедим. Мен өзүм ошондой сезип жатам”,-деди Лукашенко.