Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:59
Кирилл Дмитриев жана Стив Уиткофф. Архив сүрөт.
Кирилл Дмитриев жана Стив Уиткофф. Архив сүрөт.

АКШ–Орусия сүйлөшүүлөрү өттү

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




20:29 5.5.2022

Британия Москва фондулук биржасынын макамын жокко чыгарды

Улуу Британиянын Бажы жана кирешелер департаменти (HMRC) “Таанылган фондулук биржалардын” тизмесин 5-майда жаңыртып, Москва фондулук биржасын (MOEX) андан чыгарды.

Британ өкмөтү өткөн айда Орусиянын Украинага кол салуусуна байланыштуу жаңы санкциялар киргизиле турганын, анын ичинде Москва биржасы да бар экенин маалымдаган.

21:16 5.5.2022

Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко Орусиянын Украинага кол салуусун кайрадан комментарийлеп, анын созулуп кеткени күтүүсүз болуп жатканын билдирди. Бул тууралуу пикирин ал бейшембиде Associated Press (AP) маалымат агенттигине курган маегинде айтты.

“Чынын айтсам, мен бул операция мындай жол менен созулуп кетет деп ойлогон эмесмин. Мен орусиялыктардын планындай кетип барат деп айта албайм, темага анчалык кирбедим. Мен өзүм ошондой сезип жатам”,-деди Лукашенко.

Беларустун башчысы ал коңшу өлкөдөгү согушту токтотууга болгон аракетин жумшап жатканын кошумчалады. Ал мындан сырткары Украинанын аймагында өзөктүк куралдын колдонулушуна каршы экенин айтып, орус президенти Владимир Путинде “мындай план бар-жок экенин билбей турганын” белгиледи.

AP агенттиги жазгандай, ал Украинадагы окуяны Орусия атагандай “атайын аскердик операция” дегенден сырткары “согуш” деп да атап жатты.

Александр Лукашенко буга чейинки интерьюларында “Орусиянын кол салуусуна Киевдин өзү чагымы алып келгенин” айткан. Ал ошондой эле “Орусиянын Украинага чабуул жасаса ал эки-үч күндө аяктай турганын” да кеп кылган эле.

Орусия өзү “атайын операция” деп атаган, иш жүзүндө Украина үчүн болуп жаткан согуш эки айдан ашык убакыттан бери уланууда. Москва кеңири масштабдагы кол салуусун 24-февралда баштаган. Бул аралыкта орус аскерлери Украинанын түштүгүндөгү жана чыгышындагы облустарынын бир топ бөлүгүн басып алды. Киев, Чернигов жана башка түндүктөгү аймактардан артка чегинди.

Украинага кол салган орус аскерлери Беларустун аймагынан да кирип келишкен. Согуштук аракеттерге чейин алар беларус аскерлери менен машыгуу өткөрүп жатышкан эле. Расмий Минск алардын жоокерлери чабуулга аралашпаганын билдирип келет.

12:07 6.5.2022

“Азовсталды” алыша элек.

Украинанын "Азов"полкунун аскерлери

12:09 6.5.2022

Reuters агенттиги Бучадагы кыргын боюнча масштабдуу иликтөө жүргүзүп, оккупация маалында шаарда орусиялык кайсы аскер бөлүктөрү болгонун аныктады.

Жергиликтүү тургундардын сурамжылоосуна жана табылган документтерге ылайык, Киев аймагындагы аскердик кылмыштарга Росгвардиянын “Витязь” бөлүгү, Псковдон келген 76-аба-десанттык дивизиясы жана Чеченстандан келген аскерлер катышкан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG