БУУ: “Азовсталдан” жана Мариуполдон 500дөй адам эвакуацияланды
Украинанын орус күчтөрүнүн камоолунда калган Мариупол шаарынан жана анда дале каршылык көрсөтүп жаткан “Азовсталь” заводунун аймагынан 500дөй адам украин бийлиги көзөмөлдөп турган аймактарга чыгарылды. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш Твиттердеги баракчасына жазды.
“Москва жана Киевдин ортосундагы координация дагы улантылып, гуманитардык тынымдарды улантуу жана жайкын тургундарды коопсуз чыгарып кетүү камсыздалат деп үмүттөнөм”,-деп жазды ал.
Орус прокуратурасы "Москва" крейсери согушка катышпаганын билдирди
Орусиянын Аскердик прокуратурасы Кара деңизде кыйраган "Москва" крейсеринде дайынсыз жоголгон жоокер Егор Шкребецтин атасы Дмитрий Шкребецке аталган кеме "Украинадагы атайын операцияга катышпаганын жана уулу кабарсыз кетип калгандардын катарында экенин" билдирди. Бул тууралуу Шкребец “Фейсбукка" жазып, прокуратуранын ушундай өңүттөгү катын жарыялады.
"Мариуполдо" орус аскерлери "Азовсталды" кайра аткылай баштады
Украинанын Башкы штабынын маалыматына караганда, орус аскерлери көп сандагы артиллериялык, авиациялык техникалары менен "Азовсталь" заводунун аймагын аткылап жатат. Бул арада украин армиясынын көзөмөлүндө болгон жерлер улам тарып бара жатканы айтылат.
Reuters агенттигинин жарыялаган кадрларында комбинаттын аймагында Z символу жазылган техникалар көрүнгөн.
Эки айдан ашык убакыттан бери заводду коргоп жакан украиналык "Азов" полкунун өкүлдөрү бул жолу орус бийлиги берген убадасын аткарбаганын айыптап, жайкын тургундарды эвакуациялоого көмөк көрсөтүүсүн өтүнүп эл аралык коомчулукка кайрылган.
Еврокомиссия орус мунайына чектөөнү 3 ай артка жылдыра турууну сунуштады
Европа Биримдигиндеги бир нече мамлекеттердин каршылыгынан улам уюмду башкаруучу Еврокомиссия Москвага киргизилчү санкциялардын алтынчы пакетине өзгөртүүлөрдү киргизип, Орусиянын мунайзатына киргизиле турган эмбаргону 3 ай артка жылдыра турууну сунуштады.
Биримдиктеги мамлекеттердин элчилери жума күнү Брюсселде талкуулаган жаңы сунуштамада орус мунайына көз карандылыкты жоюп алуу үчүн дагы кошумча убакыт керектиги белгиленди.