Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:30
Кирилл Дмитриев жана Стив Уиткофф. Архив сүрөт.
Кирилл Дмитриев жана Стив Уиткофф. Архив сүрөт.

АКШ–Орусия сүйлөшүүлөрү өттү

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




22:51 6.5.2022

Зеленский мыйзамдарды десоветизация кылуу жөнүндө мыйзамга кол койду

Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөнүн мыйзамдарын десоветизация жөнүндө мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Жогору Раданын сайты жазды.

Парламенттин төрагасы Руслан Стефанчук бул документ СССРдин жана Украин ССРинен калган мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарына байланыштуу 1200 актыны жокко чыгарарын маалымдады.

22:53 6.5.2022

Москванын соту журналист Александр Невзоровду сыртынан камакка алды

Москванын Басманный райондук соту Украинадагы согушту айыптаган журналист Александр Невзоровду сыртынан камакка алды.

Мунун алдында Орусиянын Ички иштер министрлиги Невзоровго издөө жарыялаган. Теле алып баруучу орус армиясы тууралуу чындыкка жатпаган маалымат таратууга шектелүүдө.

13:11 7.5.2022

Орусия Украинага кол салгандан бери 223 бала каза тапты

7-майдын таңында берилген маалыматка ылайык, Орусиянын кол салганы 223 бала каза тапса, 410у жараат алганын Украинанын башкы прокуратурасы билдирди.

Бирок бул сандар атышуу болгон, убактылуу оккупацияланган жана бошотулган аймактардагы тактоо иштери бүткөндөн кийин өзгөрүүсү мүмкүн.

13:17 7.5.2022

Эл аралык донорлор Украинага 6,5 млрд. доллар каражат чогултту

Варшавада бейшемби күнү болгон эл аралык донорлордун конференциясында Украина үчүн жалпы дүйнө коомчулугунан6,5 млрд. доллар каражат чогулганы маалым болду.

Бул тууралуу Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий билдирди. Чогулган каражат украиналыктарга гуманитардык жардам жана өлкөнү кайра калыбына келтирүүгө багытталган.

Конференцияда Украинанын президенти Владимир Зеленский видео байланышка чыгып сүйлөдү. Ал бийлик согуштан кийинки жапырт калыбына келтирүү планын түзүп жатканын айтты. Киев экономика мектебинин алдындагы KSE Institute аналитикалык борборунун эсеби боюнча, Украинанын согуштан берки чыгымы азыркы тапта 600 млрд. долларга чукулдап калды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG