Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:07
Кирилл Дмитриев жана Стив Уиткофф. Архив сүрөт.
Кирилл Дмитриев жана Стив Уиткофф. Архив сүрөт.

АКШ–Орусия сүйлөшүүлөрү өттү

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




13:24 7.5.2022

Путинге таандык экени айтылган кемени Италия камакка алды

6-майда Италиянын бийлиги “Шехерезада” деген аталыштагы чоң яхтаны өлкөнүн Марина ди Каррара аттуу портунда камакка алды.

Яхта Орусиянын президенти Владимир Путинге таандык экени болжолдонууда. Италиянын финансы полициясынын изилдөөсүнүн негизинде яхта “Еврошаркет санкция салган Орусиядагы бийлик өкүлдөрүнө таандык” деген бүтүм чыккан.

140 метрлик кеменин болжолдуу баасы 700 миллион АКШ доллары деп эсептелген.

14:56 9.5.2022

Владимир Зеленский: “Жакында Украинада эки Жеңиш күнү болот”

Украинанын президенти Владимир Зеленский 9-майдагы элге кайрылуусунда: “Биз балдарыбыздын эркиндиги үчүн күрөшүп жатабыз, демек, жеңебиз. Биз 8 миллион украиналык өлгөн Экинчи дүйнөлүк согушта аталарыбыздын эрдигин унутпайбыз. Ошондой эле жакында Украинада эки Жеңиш күнү белгилене баштайт. Ал эми “кээ бирөөлөрдө” анын бирөөсү да болбойт. Биз ошондо жеңгенбиз, азыр да жеңебиз”,-деди ал.

15:12 9.5.2022

Путин Москвадагы парадда Украинага кол салууну кайрадан жактады

Орусия 24-февралда Украинага басып кирүү менен “алдын алуучу чабуул койду, бул жападан-жалгыз туура чечим болгон”. Бул тууралуу орус президенти Владимир Путин 9-майда Кызыл аянттагы аскердик парадда билдирди.

Путиндин айтымында, АКШ жана НАТО Орусияга кепилдик бербей, Украинаны орустардын “тарыхый жерлерине”, анын ичинде Крымга чабуул коюуга даярдаган.

15:29 9.5.2022

Украина Крым көпүрөсүн талкалай турганын айтып коркутууда

“Крым көпүрөсү сөзсүз талкаланат, бул учурдун талабы”,-деди Украинанын ички иштер министринин кеңешчиси Виктор Андрусив.

Анын айтымында, бул тапшырманы аткаруу үчүн украин армиясында керектүү курал-жарактар бар. Бирок бул үчүн аскерлер Азов деңизинин жээгине жакын баруусу керек.

“Вот так” басылмасы да бир канча күн мурда интернетте Крым көпүрөсүн жардыруу убактысын эсептеген сайт пайда болгонун, анын эсеби боюнча сокку 9-майда уруларын жазган.

Буга чейин Латвиянын куралдуу күчтөрүнүн өкүлү Янис Слайдиньш ушул күнү украин армиясы Крым көпүрөсүн жардырышы мүмкүн экенин билдирген.

Ал “көпүрөнүн маанилүү стратегиялык объект экенин, бул жол менен Украинанын түштүк аймагына курал-жарак ташып жаткан Орусия үчүн чоң сокку болорун” белгилеген.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG