Орусиянын Польшадагы элчисине кызыл түстөгү боёк чачышты
Бул окуя элчи Варшавадагы советтик жоокерлердин сөөгү коюлган жерге гүл койгону жатканда болгон.
“Азовсталь” заводунда кайрадан атышуу башталды
Бул тууралуу Мариупол шаардык мэриясынын өкүлү Петр Андрющенко билдирди.
Жо Байден Украинага курал-жарак жеткирүү боюнча мыйзамга кол койду
Ага ылайык, Кошмо Штаттардын президенти Киевге жана Орусиянын Украинага басып киришинен жапа чеккен Чыгыш Европанын башка өлкөлөрүнө коргонуусун чыңдап, калктын коопсуздугу үчүн коргонуу активдерин кредитке же ижарага берүүгө өкмөткө укук берет.
"Украинадагы демократияны коргоо үчүн ленд-лиз жөнүндө мыйзам" Конгресске ушул жылдын январында, тагыраагы, Орусиянын Украинага кол салышына чейин эле киргизилген болчу.
Одессага ракеталык сокку урулуп, ири соода борбору өрттөнүп жатканы айтылды.
Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирип, мындай жардыруу беш жерде болгон кабарлашкан.
Согуш учурунда бул маалыматты ыкчам тактоо мүмкүн эмес.