Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:10
Кирилл Дмитриев жана Стив Уиткофф. Архив сүрөт.
Кирилл Дмитриев жана Стив Уиткофф. Архив сүрөт.

АКШ–Орусия сүйлөшүүлөрү өттү

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




16:58 10.5.2022

ЕРӨБ: украин экономикасы быйыл 30% төмөндөйт

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын прогнозуна караганда, украин экономикасы быйыл 30 пайызга төмөндөйт. Бул тууралуу Лондондо жайгашкан финансылык институттун Мароккодо башталган жылдык конференциясында маалымдалды.

Согуш башталгандан көп узабай, мартта Украинанын экономикасы 20% төмөндөйт деп болжолдонгон.

Ошол эле маалда 2023-жылы өлкө экономикасы 25 пайызга өсөрү белгиленди, марттагы прогноздо 23% жөнүндө сөз болгон.

17:05 10.5.2022

Орус аскерлери Мариуполдогу "Азовсталь" заводуна чабуулду күчөттү

Соңку маалыматтарга караганда, орус аскерлери Кара деңиздин боюндагы Одесса портун ракеталардан аткылап, Мариуполдогу "Азовсталь" заводуна чабуулду күчөттү. Ал жакта жоокерлерден тышкары кеминде 100 карапайым киши калганын шаар мэри 10-майда билдирди.

«Бирок буга карабай баскынчылар соккуларын басаңдаткан жок», - деп жазды Петро Андрюшенко Телеграм каналына.

Орус армиясынын Мариуполду толугу менен өз көзөмөлүнө алуу аракетинен майнап чыга элек. «Азовсталдын» жер төлөлөрүндө 2 миңдей украин аскери туруштук берүүдө.

17:11 10.5.2022

Украинада согуштан жабыркаган карапайым тургундар 7 миңден ашты

БУУнун маалыматына ылайык, Орусия басып киргенден бери Украинада жабыркаган жөн-жай тургундардын саны 7 миң кишиден ашты.

Уюмдун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарлыгы 9-майга карай 3,381 киши, анын ичинде 235 бала каза тапканын, 3,680 киши жарадар болгонун билдирди. Мекеме кошумчалагандай, эң көп киши оор артиллериядан, ракета аткылоолорунан, авиа соккулардан жабыркаган.

Жогорку комиссарлык реалдуу сандар мындан ашат деп эсептейт.

11:10 11.5.2022

Украинанын газ транспорттук оператору 11-майдан тартып Орусиянын газынын үчтөн бирин Европага транзиттөөнү токтоторун жарыялады. Мунун себеби компрессордук станциялардын бири жайгашкан аймак Луганскидеги орусиячыл жикчилердин карамагына өткөндүгүндө экени айтылды.

“Газпромго” транзиттик агымды буруу сунушу берилди. Транзит токтогондугу үчүн жоопкерчиликти Украина Орусияга жүктөдү.

Орусиянын газ концернинин расмий өкүлү Сергей Куприянов "Газпром" форс-мажор жагдай тууралуу эч кандай так маалымат албаганын билдирди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG