"Азовсталдын" жертөлөсүндөгү жарадар аскерлер
"АЗОВ – Мариупол" Телеграм-каналы жарадар болгон украиналык коргоочулардын сүрөтүн жарыялады. Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещуктун айтымында, "Азовсталда" кеминде миңдей украин аскери бар.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Мальтанын депутаттарына кайрылып жатып Орусия аскерлерди эвакуациялоого уруксат бербей жатканын айтты. Зеленскийдин билдирүүсүндө ал Орусияга украин аскерлерин чыгарып кетүүнүн көп вариантын сунуштаган. Бирок Москва анын баарын четке каккан.
Үч күн мурда Ирина Верещук "Азовсталдан" бардык жай тургундар чыгарылганын айткан, бирок шейшембиде Мариуполдун мэринин жардамчысы Петр Андрющенко дагы жүздөй тургун аскерлер менен кармалып турганын билдирген.
Украинанын биринчи президенти Леонид Кравчук 89 жашында каза болду
Ал 1991-жылы 8-декабрда Украинанын атынан СССРди таратуу жөнүндө Беловеж макулдашуусуна кол койгон. 1991-1994-жылдары Украинада бийлик башында турган.
2021-жылы жайында Кравчук немис клиникасында жүрөгүнө операция жасатканда комага түшүп, сентябрда эсине келип жакындарын тааный баштаганы кабарланган.
Америкалык М777 гаубицтери Украинага келди
CNN өз булактарына таянып, украиналык армияга АКШ бере турган 90 гаубицтин 89у келгенин билдирди. Аны кантип колдонууну 370 украиналык аскер үйрөнүп жатканы кабарланды.
Британиянын коргонуу жаатындагы BAE Systems компаниясы 2000-жылдары иштеп чыккан M777 - жаңы артиллериялык система. Кадимки снаряд менен 25 чакырымга чейин ата алат (40 чакырымга чейин ата тургандары да бар). М777 гаубицинин өзгөчөлүгү отту цифралык система менен башкаруу жөндөмүнө ээ.
Украинадагы кармашта кандай М777 гаубицтери колдонуларын журналист Юрием Бутусов тарткан видеодон көрө аласыз.
Украиналык чалгын кызматы орусиялык аскерлер буудай жана жашылчаны уурдаган учурларды тапты
Чалгын кызматынын маалыматында уурдалган азык-түлүк Оруиянын аймагына жана аннексияланган Крым аркылуу Сирияга ташылып жатышы мүмкүн.
Буудай жана жашылча жүктөлгөн автоунааларды орус армиясы коштоп Орусияга ташыган учурлар Энергодар, Харьков жана Харьков облусунда байкалган.
"Украинадан уурдалган азык-түлүктүн басымдуусу орус желеги илинген кемелер менен Жер ортолук деңизинен байкалды. Бара турган жери - Сирия. Аткезчилик менен ташылып кеткен эгин ал жактан Жакынкы Чыгыштагы башка өлкөлөргө чыгышы мүмкүн", - деп билдирген Украинанын чалгын кызматы "Свобода" радиосунун украин кызматына.