Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:14
Львовдун борборундагы ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине кирген имарат, 4-март, 2026-жыл
Львовдун борборундагы ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине кирген имарат, 4-март, 2026-жыл

Орусиянын дрондору Львовдун тарыхый имаратына тийди

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




16:21 11.5.2022

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын Мариупол шаарындагы "Азовсталь" заводунда камоолдо турган аскерлерди чыгарып кетүү үчүн эч кайсы сунушка көнбөй жатканын сындады.

"Биз аларды куткаруу үчүн колубуздагы бардык дипломатиялык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп жатабыз. Бирок Орусия азырынча көптөгөн сунуштардын бирине да макул боло элек,-деди украин президенти Мальтанын парламентине кайрылып жатып.

Зеленский Мариуполду блокададан чыгарууга Украинанын керектүү куралы азырынча жок экенин баса белгиледи, деп жазат Deutsche Welle.

11:43 12.5.2022

Орусия басып алган Херсондун бийлиги аймакты Орусиянын курамына кошуу ниетин билдиришти. Атайын өкүлдүн айтымында Москва дайындаган жетекчилер Путинге кайрылганга даярданууда.

Кремл согуштун эсебинен Украинаны аннексиялап алууну пландап жатканын расмий түрдө четке кагып, “атайын операциянын” максаты - орусиялык жикчилдер өзүнүн аймагы деп атаган Луганск жана Донецк облусуна көзөмөл орнотуу экени айтылып келет.

Буга чейин Москва жикчил "Херсон элдик республикасын" түзүүгө аракет кылып жатканы айтылган. Өзүн аймактын башчысы деп атап алган Кирилл Стремоусов 11-майда “РИА Новостиге” ал жакта республика түзүү пландалбаганын билдирди.

“Херсон шаары – бул Орусия. Херсондо эч кандай “ХНР” түзүлбөйт, референдум да өтпөйт”, - деген ал. Анын айтымында, жыл соңунда оккупацияланган администрациялык аймак Орусиянын мыйзамдары менен жашай баштайт.

12:08 12.5.2022

Чехиянын президенти Милош Земан 103 чех аскерине Украинанын куралдуу күчтөрүнө кошулуп, согушка катышууга уруксат берди. Эми чечимди өкмөттүн башчысы Петр Фиала колдошу керек. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Иржи Овчачек билдирди.

Чехиянын жарандарына чет өлкөлөрдүн армиясында кызмат өтөөгө тыюу салынган. Бирок жарандар президенттен бул тууралуу суранса болот. Мындай учурда алар кылмыш жообуна тартылбайт. Буга чейин айрым чех жарандары Донбасстагы орус жикчилдерине кошулганы үчүн соттолушкан. Буга алардын өлкө башчысынан уруксат албай кеткени негиз болгон. Чехиянын Коргоо министрлигинин маалыматында Украинанын куралдуу күчтөрүнүн катарына кошулуу үчүн 400 жаран арыз берген, бирок алардын 103ү гана уруксат алды.

Чехиянын сенаты 11-майда орусиялык армиянын Украинадагы баскынчылыгын сындап, Киевдин Евробиримдикке кошулуу процессин колдоого чакырган.

12:21 12.5.2022

Украина Орусияга "Азовсталда" жарадар болгон жана курчоодо калган аскерлерди эвакуациялоо вариантын сунуштады. Вице-премьер Ирина Верещуктун айтымында, аскерлерди чыгарып кетүү үчүн гуманитардык коридор ачылат, Орусияга алардын ордуна туткундагы орус аскерлери берилет. Верещук мындай формуладагы сүйлөшүү уланып жатканын, бирок бир пикирге келүүгө мүмкүн боло электигин билдирди.

Ал арада "Азов" полкунун аскерлеринин жубайлары Ватиканга барып Рим папасы Францискке жолукканы маалым болду. Катерина Прокопенко менен Юлия Федосюк күйөөлөрү металлургиялык заводдун астында эки айдан бери коргонуп отурганын билдиришти. Ишкананы орус аскерлери курчоого алган.

Аскерлердин жубайлары понтификке заводдо суу жана тамак-аш калбаганын айткан. "Сиз биздин акыркы үмүтүбүзсүз. Биз алардын жашоосун сактап калса болот деп ойлойбуз" дешкен алар. Бул тууралуу The Insider басылмасы билдирди. Франциск "Азовсталда" калгандар үчүн дуба кыларын билдирген.

Прокопенко жана Федосюк ага жарадар аскерлердин сүрөтүн жана кайрылууну берген. Кайрылууда аскерлер аларды үчүнчү өлкөгө чыгарып кеткен учурда гана куралын таштоого даяр экени айтылган. Жубайларынын айтымында, аскерлер колго түшпөшү керек, Орусияда аларды кыйноо жана өлүм күтүп турат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG