АКШ бийлиги Украина менен маалымат алмашууда атайын эреже иштеп чыкты
Жаңы колдонмо Вашингтон менен Москванын тиреши курчуп кетпеши үчүн кабыл алынууда. Бул тууралуу The Washington Post гезити кабарлады.
Документ чалгын кызматына Украинага эки түрдүү маалыматты бөлүшүүгө тыюу салат. Биринчи тыюу - Орусиянын армиясынын жогорку чиндеги адамдары тууралуу маалымат. Айталы, украин аскерлерине коргоо министри Сергей Шойгу жана Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын жетекчиси Валерий Герасимовдун кай жерде жүргөнү тууралуу маалымат берүүгө болбойт.
Экинчи тыюу - Украинадан тышкары жердеги орусиялык объекттерге сокку урууга негиз берген маалыматтарга байланыштуу. Эреже Орусия АКШны кол салууга шыкак берди деп эсептеп калат деген чочулоодон улам киргизилди. Бул тууралуу гезитке аты жашыруун калышын каалаган АКШнын президентинин өкүлү билдирген.
Буга чейин америкалык ЖМК чалгын кызматындагы булактарга таянып, АКШ Украинага уруш маалында каза болгон бир нече орус генералы жана “Москва” крейсери тууралуу маалымат бергенин жазган. Пентагон бул маалыматты ырастаган эмес.
Учурда АКШ Украина менен орус аскерлеринин кыймылы тууралуу маалыматты, спутниктен тартылган сүрөттөрдү бөлүшүп жатат. Андан тышкары аскер техникаларын: оор артиллерия, учкучсуз учак жана танкка каршы ракеталарды берди.
10-майда АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы орус армиясы кол салган Украинага 40 млрд. долларлык аскердик, гуманитардык жана экономикалык жардам берүүгө макул болду.
Украин куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Харьковдун түндүгүндөгү Питомник айылын кайтарып алышканын билдирди
Британиянын Коргоо министрлиги жарыялаган бюллетенде "орус аскерлеринин Харьков аймагынан чегиниши алардын Украинанын ири шаарларын алууга жөндөмсүз экенин тактикалык жактан таануу болуп эсептелет. Орусия ал жактардагы калктын мындай туруштук берүүсүн күткөн эмес” деп жазылган.
Британиянын министрлиги украин армиясы орус күчтөрүнүн Кара деңиздеги Змеиный аралындагы абадан коргонуу системасын жана камсыздоочу кемелерди бутага алганын, муну менен Москванын жээктеги ири тилкеге көзөмөлдү кеңейтүү ишин үзгүлтүккө учуратууга аракет көрүлгөнүн кошумчалады.
Украин бийлиги Запорожье аймагы 11-майда аткылоого туш болгонун билдирди. Орус аскерлери аткан бир ракета инфраструктура объектисин талкалаганы маалымдалды. Бирок жабыркагандар тууралуу айтылган жок. Шаарда Мариуполдон качууга аргасыз болгон карапайым элдин көбү башкалкалап жатат.
Украин аскерлери Одессаны бутага алган канаттуу ракета да атып түшүрүлгөнүн билдиришти.
Финляндиянын президенти Саули Ниинистё жана премьер-министри Санна Марин өлкөнүн НАТОго киришин колдошту.
12-майда жарык көргөн биргелешкен билдирүүдө жетекчилер блокко кошулуу Финляндиянын коопсуздугун бекемдөөгө жардам бере турганы белгиленди. Парламент бул демилгени колдосо, аскердик альянс менен Орусиянын чек арасы 1325 чакырымга кеңеймекчи.
Маалыматка караганда, Хельсинки арызын жакынкы күндөрдө тапшырганы жатат.
Siemens орус рыногунан кетип жатканын жарыялады
Германиялык Siemens корпорациясы Украинадагы согушка байланыштуу Орусиядан кетип жатканын билдирди. Компаниянын басма сөз кызматы өндүрүштү жана башка ишмердикти токтотуу иши башталганын маалымдады. Буга чейин Siemens орус жана беларус рыногуна продукцциясын жөнөтүүнү токтотуу чечимин кабыл алган.
"Биз согушту айыптайбыз жана Орусиядагы өндүрүштү токтотуу жараянын жүргүзүүнү чечтик. Бул оңой чечим болгон жок. Кызматкерлерибизге кам көрүүгө тийишпиз, андан тышкары 170 жылдан бери иштеп келаткан рынокто өз кардарларыбыз бар”, - деп билдирди компаниянын президенти Роланд Буш.