Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:24
Львовдун борборундагы ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине кирген имарат, 4-март, 2026-жыл
Львовдун борборундагы ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине кирген имарат, 4-март, 2026-жыл

Орусиянын дрондору Львовдун тарыхый имаратына тийди

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




17:54 12.5.2022

Украин аскер бөлүгүнүн жетекчиси Илон Маскка кайрылды

"Азовсталь" заводун коргоп жаткан украин деңиз флотунун бригадасынын башчысы Сергей Волына Tesla компаниясынын негиздөөчүсү, белгилүү миллиардер Илон Масктан камоолдон чыгууга жардам берүүсүн суранган.

18:13 12.5.2022

БУУ Киев облусунда миңдеген кишинин сөөгү табылганын билдирди

БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши орус аскерлери чегингенден кийин Киев облусунда миңдеген кишинин сөөгү табылганын билдирди. Кеңеш муну согуш кылмыштарын айгинелеген далил катары бааласа болот деп эсептейт.

Уюмдун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишел Бачелет андай фактылар териштирилип жатканын айтты.

“Киевдин түндүк тарабында бейкүнөө адамдарды өлтүрүүнүн масштабдары, бир нече кишини чогуу жок кылуу белгилери бар учурлар нес кылат”, - деп билдирди комиссар кеңештин жыйынында.

11:32 13.5.2022

Орусиялыктар Змеиный аралындагы десанттык катерин алып кетүүгө аракет кылууда

Planet.com компаниясынын cпутниктен тартылган жаңы сүрөттөрүнөн Орусия Змеиный аралына сүзүп жүрүүчү кранын алып келгенин көрүүгө болот. Катердегилер 7-майда украиналык соккудан кийин чөгүп кеткен "Серна" катерин алууга аракет кылышы мүмкүн. Катер "Тор" зениттик ракета комплексин жээкке түшүрүп жатканда "Байрактар" дрону менен талкаланган. Анын корпусу азыр башка десанттык катерлердин булуңга киришине тоскоолдук жаратууда.

12-майда аралда дагы эки десанттык катер байкалган. Бирөө чөгүп кеткен "Серна" катеринин жанынан көрүнсө, экинчиси аралдан анча алыс эмес жерде жүргөн. Экөөнүн тең палубасында жүк жок экенин көрүүгө болот.

Буга чейин Земиный аралында украиналык армия Орусия басып алган бардык аскердик инфраструктураны жок кылган. Андан тышкары "Раптор" патрулдук катери жана десанттарды түшүргөнү жаткан орусиялык тик учак жок кылынган. Орусиянын Коргоо министрлиги тик учак Украинага караштуу болгонун айтууда, бирок видеодон аны "Байрактар" жок кылганын көрүүгө болот.

Аралда байкалган "Серналар" орусиялык абадан коргонуу жабдыктарын алып келиши мүмкүн. Ага окшош объекттерди спутниктен көрүүгө болот.

11:42 13.5.2022

CNN: Украинадан уурдалган буудай жүктөлгөн "Матроса Позыничтин" тарыхы

"Украинадан уурдалган буудайды жүктөгөн орусиялык "Матрос Позынич" танкери сириялык Латакия портунда турат. Ага чейин Жер ортолук деңизиндеги башка порттор жүктү кабыл алуудан баш тарткан", - деп билдирди CNN жүк ташуучу индустриясындагы булактарга жана украиналык расмий адамдарга таянып.

Телеканалдын маалыматында танкер якорду Крымдагы жээкке таштаган. Кийинки күнү аны Севастополдон көрүшкөн, андан кийин Босфордон өтүп египеттик Александрия портуна жеткен. Украина бийлиги эскертүү бергени үчүн Египет жүктү кабыл алган эмес. Ливандын борбору Бейрутта да жүктү кабыл алуудан баш тартышкан. Андан кийин кеме Латакияга барган.

Изилдөөчүлөр жана украиналык расмий адамдар CNN каналына "Матрос Позынич" Украинадан уурдалган буудайды ташыган Орусиянын үч кемесинин бири экенин айтышкан. Украин бийлигинин баасында Орусия басып алган аймактардан 400 миң тоннадай буудайды ташып кеткен.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG