Украина "Азовсталдан" 38 жарадар адамды чыгарып кетүү үчүн сүйлөшүү жүргүзүүдө
Украинанын бийлиги Мариуполдогу "Азовсталь" заводундагы жарадар аскерлерин туткундагы орус жоокерлерине алмашуу жолу менен чыгарып кетүү үчүн Москва менен "сүйлөшүү жүргүзүп жатат". Бул тууралуу Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук билдирди.
Ал айрым адамдардын ойлонулбаган билдирүүлөрү сүйлөшүүгө жолтоо болуп жатканын да белгиледи.
"Азырынча 38 оор жарадар адамды гана чыгарып кетүү тууралуу сүйлөшүү жүрүп жатат. Акырындан иштеп жатабыз. Айрым ЖМКлар жазгандай 500 же 600 адамды алмашуу тууралуу сөз боло элек", - деди ал.
АКШ Сенаты Украинага 40 млрд. доллар берүүдө тил табыша албай калды
АКШ Конгрессинин Сенаты Украинага 40 млрд. долларлык жардамды ыкчамдатылган режимде берүү боюнча мыйзам долбоорун кароодо тил табыша албай калды. Тездетилген процедурага республикачыл сенат Рэнд Пол каршы чыгып, мыйзамга чыгымдарды федералдык инспектордун текшерүүсү тууралуу пункт киргизүүнү талап кылды.
“40 миллиард долларды күрөктөп ыргыта берген жана ал эмнелерге жумшаларын билбегендик бул жоопкерчиликсиздик. Мен кайсы бир чет мамлекетке эмес, АКШнын Конституциясына ант бергемин”,-деди ал жыйында.
Молдова аймагындагы өзүн-өзү республика деп жарыялап алган Приднестровьенин бийлиги Тираспол шаарында күйүүчү май кампалары жана аскердик комиссариаттар чабуулга кабылганын 13-майда кабарлады.
Маалыматта белгисиз адамдар имараттарга Молотов коктейлин ыргытып, аткылашкан. Жергиликтүү күч кызматкерлери аларды кууп, өрттүн алдын алып калышкан.
Приднестровьеде апрелдин соңунда коомсуздук мекемелеринде, мамлекеттик имараттарда жарылуу болуп, телемунаралар жана башка оъбекттер кулатылган.
Молдованын президенти Майя Санду Москва колдогон жикчил Приднестровьедеги чабуулдарды чыңалууну курчутуу аракети деп сыпаттап, аймактагы “согушчул фракцияларды” айыптаган.
Британиянын Коргоо министрлиги: Орусия чабуул койгонго даабайт
Британиянын Коргоо министрлиги 13-майда аскердик кармаш тууралуу кезектеги сводкасын чыгарды. Мисалы, анда Орусиянын армиясынын Түндүк Донец дарыясын алуу аракети ишке ашпаганы айтылат.
"Каршылаш тарапка дарыя аркылуу баруу - тобокел маневр, бул орус командирлерине Украинанын чыгышында ийгиликке жетүү үчүн жогортон басым болуп жатканын билдирет. Орус бөлүктөрүнө алдыга жылууга мүмкүн болгон жок. Буга чейин алар Киев жана Чернигов облустарындагы аскерлерин чыгарып, ушул аймакка таштаган" деп айтылат билдирүүдө.