Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:31
Львовдун борборундагы ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине кирген имарат, 4-март, 2026-жыл
Львовдун борборундагы ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине кирген имарат, 4-март, 2026-жыл

Орусиянын дрондору Львовдун тарыхый имаратына тийди

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




12:45 14.5.2022

Москванын Финляндияга опузасы

"Финляндиянын НАТОго кириши аны жок кылууга алып барат" деп айтты Мамдуманын коргонуу комитетинин жетекчисинин биринчи орун басары Алексей Журавлев. URA.RU сайтына берген интервьюда ал Орусия түндүк-батыш чек арасында өзөктүк курал алып барбасын, башка куралды колдонуу эле жетиштүү болорун билдирди. Ал "АКШнын абалды курчутуу аракети Үчүнчү дүйнөлүк согушка жеткириши мүмкүндүгүн, анда эң коркунучтуу курал колдонууга туура келерин" айткан.

"Эгер Финляндия бул аскердик блокко киргиси келсе, биздин бул мамлекет бар экенинен шек саноо жаратуу максатыбыз мыйзамдуу болот", - деген Журавлев.

Финляндия менен Швециянын аскердик уюмга киришине Түндүк атлантикалык аскердик альянстын мүчөсү – Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган да каршы чыгууда. Эрдоган алардын арызына бөгөт коёрун билдирди. Бул тууралуу пикирин ал 13-майда жарыялап, өз чечимин “бул өлкөлөр көптөгөн террордук уюмдардын үйү болуп калганы" менен байланыштырды.

12:52 14.5.2022

Британия 13-майда Москванын Украинага кол салуусуна байланыштуу санкциялык тизмесин кеңейтип, ага дагы 12 адамды кошту. Анын ичинде Орусиянын президенти Владимир Путинге жакын деп саналган Олимпиада чемпиону Алина Кабаева менен анын мурдагы жубайы Людмила Очеретная да бар.

14-майда Латвия Орусиянын 102 жаранына белгисиз мөөнөткө чейин кирүүгө тыюу салганы маалым болду. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Эдгарс Ринкевич өзүнүн Twitter баракчасына жазды.

Латвиянын Тышкы иштер министрлигинин сайтында тыюу салууга туш келгендер негизинен Орусия президентинин Украинаны басып алуу чечимин колдогон маданият ишмерлери экени айтылат.

Латвия парламенти 12-майда советтик эстеликтерди коргоо тууралуу Орусия менен түзүлгөн келишимди бир тараптуу токтотуу боюнча мыйзам долбоорун эки окууда жактырган. Сеймдин (парламент) бул чечими менен советтик армиянын жоокерлерине тургузулган Ригадагы комплексти сүрдүрүп салууга жол ачылды.

13:42 14.5.2022

Украинанын мурдагы президенттери Леонид Кучма, Виктор Ющенко жана Петро Порошенко дүйнө лидерлерин Мариуполдогу "Азовсталь" заводунан карапайым калкты жана аскерлерди эвакуациялоого жардам берүүгө чакырды.

Кайрылуунун авторлору орус армиясы президент Владимир Путиндин буйругу менен заводдо калган адамдарды жапайы ыкмалар менен жок кылууну каалап жатканын жазышкан.

Бирок Украинанын вице-премьери Ирина Верещук дүйнө лидерлеринин таасирин өтө эле жогорулатпоого чакырды. Ал "таасир жетишерлик болгондо согуш чыкмак эмес" деп белгиледи.

Ирина Верещук "Азовсталдагы" аскерлерди чыгарып кетүү үчүн орустар менен сүйлөшүү оор өтүп жатканын, заводдун астында "Азов" полкунан тышкары Украинанын куралдуу күчтөрүнүн, Улуттук гвардиянын, Украинанын коопсуздук кызматынын аскерлери, аймактык коргонуу, чек ара, полиция кызматкерлери бар экенин айтты.

"Президенттин колдон келгендин баарын кылып, аскерлерди алып чыгуу тапшырмасы бар. Команда иштеп жатат. Душман менен сүйлөшүү өтө оор өтүп жатат. Жыйынтык баарына жакпашы мүмкүн. Биздин милдет - балдарды аман алып чыгуу. Кудай буюрса, куткарабыз", - деди ал.

12:25 17.5.2022

"Азовсталдагы" украин аскерлеринин 264ү чыгарылды

Мариуполдогу "Азовсталь" заводунда орус аскерлеринин камоолунда калган украин аскерлери чыгарыла баштады. Соңку маалыматка караганда, жалпысынан 264 аскер чыкты.

Алардын арасынан оор жараат алган 53ү Новоазовск шаарына, дагы 211и гуманитардык коридор аркылуу Оленевкага жеткирилди.

Өлкө президенти Владимир Зеленский аскерлерди сактоо операциясы башталганын, буга убакыт талап кылынарын билдирип, чалгын кызматына, сүйлөшүү жүргүзгөн топко, Кызыл Чырым уюмуна, Бириккен Улуттар Уюмуна рахматын айтты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG