Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:03
Львовдун борборундагы ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине кирген имарат, 4-март, 2026-жыл
Львовдун борборундагы ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине кирген имарат, 4-март, 2026-жыл

Орусиянын дрондору Львовдун тарыхый имаратына тийди

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




12:39 17.5.2022

Северодонецк шаарындагы аткылоодон 10 жайкын тургун каза тапты

16-майда Украинанын чыгышындагы Северодонецк шаарында орус күчтөрүнүн артиллериялык аткылоосунан кеминде 10 жайкын тургундун өмүрү кыйылды. Бул тууралуу шаар жайгашкан Луганск облусунун губернатору Сергей Гайдай билдирди. Анын айтымында, бул чабуулдан жайкын тургундардын турак жайларын өрт чулгады.

Ушул эле күнү Украинанын түштүгүндөгү Николаев шаарында бир нече жарылуунун добушу угулду. 15-майда Украинанын батышындагы Львов шаарындагы аскердик инфраструктурага Орусиянын төрт ракетасы тийгени белгилүү болгон.

16:58 17.5.2022

Швеция НАТОго кошулуу арызына кол койду

Швециянын тышкы иштер министри Анн Линде өлкөнүн НАТОго кошулуу арызына кол койду. Кол коюу аземин коомдук Sveriges Television телеканалы түз ободо көргөздү. Эми Стокгольмдун 200 жыл өкүм сүргөн нейтралитет саясатына чекит коюлмакчы.

16-майда өлкө өкмөтү аскердик альянска мүчө болуу чечимин кабыл алган. "Швеция муктаж болгон коопсуздук кепилдиктерине уюмга кирүү менен ээ боло алат", - деп билдирген парламенттеги талкууда премьер-министр Магдалена Андерссон. Чечим Орусиянын Украинага басып кирип, согуш ачканынын фонунда кабыл алынды.

13:04 18.5.2022

Орусиянын Мамлекеттик Думасы шейшембиде "Азовсталь" заводунан чыгарылган украиналык аскерлерди өз өлкөсүнө өткөрүп бербөө сунушу айтылды.

Шаршембиде депутаттар "улутчул кылмышкерлерди алмашууга" тыюу салган токтомдун долбоорун карамай болушкан.

17-майда Орусиянын Башкы прокуратурасы украиналык "Азов" полкун террордук уюм катары таануусун жана өлкө аймагында анын ишмердигине тыюу салууну өтүнүп Жогорку сотко кайрылганы белгилүү болду.

Киев "Азовсталдан" чыгарылган аскерлерин расмий түрдө "туткун" деп жарыялаган жок, украин бийлиги аларды орус аскерлери менен алмашууну көздөп жатканы айтылган.

15:23 18.5.2022

Швеция жана Финляндия НАТОго кошулууга арыз тапшырды

18-майда Швеция жана Финляндиянын элчилери Брюсселде НАТОнун Баш катчысы Йенс Столтенбергге аскердик блокко кошулуу арыздарын тапшырды. Столтенберг аларды кабыл алуу жараяны ыкчамдатылган тартипте жүрөт деп үмүттөнөрүн белгиледи.

Орусия Украинага кол салгандан кийин эки өлкө тең салттуу нейтралитет макаманын баш тартып, НАТОго кирүүнү чечкен.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG