Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:42
Львовдун борборундагы ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине кирген имарат, 4-март, 2026-жыл
Львовдун борборундагы ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине кирген имарат, 4-март, 2026-жыл

Орусиянын дрондору Львовдун тарыхый имаратына тийди

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




15:32 18.5.2022

Орусия: "Азовсталдан" 959 украиналык жоокер чыгарылды

Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенковдун расмий билдирүүсүндө алардын 80и жарадар болгону айтылат.

Мариуполду коргогон аскерлердин тагдыры кандай чечилери азырынча белгисиз. Украина аларды туткунда турган орус аскерлери менен алмашууну каалайт.

Орусиянын Мамлекеттик Думасы шаршембиде "улутчул кылмышкерлерди алмашууга" тыюу салган токтомдун долбоорун карамай болушкан. 17-майда Орусиянын Башкы прокуратурасы украиналык "Азов" полкун террордук уюм катары таануусун жана өлкө аймагында анын ишмердигине тыюу салууну өтүнүп Жогорку сотко кайрылганы белгилүү болду.

15:45 18.5.2022

Батыш Украинанын унун дүйнөлүк рынокко чыгарууга жардам берет

Кошмо штаттары Батыш өлкөлөрү менен бирге унду жана жүгөрүнү дүйнөлүк рынокко чыгарууда Украинага жардам берүүнү пландап жатат. Орусия Украинанын портторуна кол салгандан кийин жабык турган кампалардагы товарларды чыгаруу жолдору каралып жатканын СNN өздүк булактарына таянып жазды.

Ыңгайлуу вариант катары темир жол, деңиз жана аба аркылуу ташуу каралып жатканын басылманын маектеши билдирген.

15:52 18.5.2022

Путин менен Лавровдун Канадага кирүүсүнө тыюу салынды

Канада Украинадагы согушка байланыштуу Орусия президенти Владимир Путинди, тышкы иштер министри Сергей Лавровду жана коргоо министри Сергей Шойгуну "кара тизмеге" киргизди. Эми алар жана үй-бүлө мүчөлөрү Канадага кире албай турганын коомдук коопсуздук министри Марко Мендичино билдирди.

17:20 18.5.2022

Мамдепартамент Украинадагы согуш кылмыштарын далилдеген фактыларды чогултат

АКШнын Мамлекеттик департаменти орус аскерлери Украинада жасаган согуш кылмыштарын, башка кыянат иштерин далилдеген фактыларды чогултуу жана анализдөө программасын баштады. Анын алкагында ачык булактардан алынган, анын ичинде спутниктен тартылган сүрөттөр, социалдык тармактарда жарыяланган далилдер документтештирилет, текшерилет жана таратылат. Алардын негизинде Орусияны жоопко тартуу максаты коюлуп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик департаменттин 17-майдагы билдирүүсүндө айтылат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG