Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:04
Константиновкага Орусиянын чабуулунун кесепети. 2023-жылдын августунда тартылган сүрөт
Константиновкага Орусиянын чабуулунун кесепети. 2023-жылдын августунда тартылган сүрөт

Түз ободо Украина: Орусиянын соккусу бир нече кишинин өмүрүн алды, 20дан ашууну жарадар

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




18:21 18.5.2022

Орусия европалык дипломаттарды өлкөдөн чыгарууда

Орусия Европа өлкөлөрүнө жооп кылып бир канча дипломатты чыгарарын билдирди.

Кремл 24 италиялык, 34 франциялык, 27 исманиялык дипломатка чыгып кетүүсүн талап кылган.

Эскерте кетсек, Орусия Украинага кол салгандан кийин бир катар Батыш өлкөлөрү Кремлдин дипломаттарын өз аймагынан чыгарганы маалым болгон.

11:17 19.5.2022

Орусия менен Украинанын чек арасында аткылоолор уланууда

Донецк облусунун прокуратурасы Бахмут шаарындагы аткылоодон беш адам каза болгонун, алардан бирөө эки жашар наристе экенин билдирди. Үч баланын жараат алганы айтылды.

Турак үйгө сокку урулуп, беш кабаттуу имарат ураган. Николаевге урулган ракеталык соккудан 20 үй жабыркап, бирөө толугу менен өрттөнүп жок болгонун шаар мэри Александр Сенкевич билдирди.

18-майда аткылоо чек ара аймагындагы Сумы жана Чернигов облустарында уланды. Украиналык чек арачылар ал жерди толук көзөмөлгө алганын маалымдаганы менен Орусия тарап аскерлери сокку урууну улантып жатканын билдирүүдө.

11:21 19.5.2022

Z тамгасы тартылган форма кийген орусиялык гимнаст мелдештерден четтетилди

Гимнастика боюнча Эл аралык федерациянын тартип комиссиясы орусиялык спортчу Иван Кулякты бир жылга мелдештерден четтетти. Ал Дохада өткөн Дүйнө кубогунун медал тапшыруу аземинде Z тамгасы тартылган форма кийип чыккан. Бул тууралуу федерациянын маалымат кызматы кабарлады.

Комиссия 20 жаштагы гимнаст федерациянын жобосун, этикалык кодексин жана техникалык регламентин бузду деген тыянакка келди. Куляк коло медалын жана 500 швейцариялык франк өлчөмүндөгү сый акыны кайтарып, 2 миң франк соттук чыгымды төлөөгө милдеттендирилди. Спортчу бул чечимди 21 күндүн ичинде талаша алат.

11:21 19.5.2022

Согуш кылмышына айыпталган орусиялык аскер күнөөсүн моюнуна алды

Орусиялык аскер Вадим Шишимарин Киев сотунда Украинанын Сумы районунда 62 жаштагы куралсыз карапайым кишини өлтүргөнүн моюнга алды. Тергөөнүн маалыматына караганда, маркум Чупаховка айылында велосипед менен баратканда башына ок жеген. Окуя 28-февралда болгон.

21-жаштагы Шишимарин украин жергесиндеги согуш кылмыштары үчүн айыпталып жаткан орусиялык алгачкы аскер. Аны "Уруштун мыйзамдарын жана салттарын бузуу" беренеси менен соттошууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG