Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:04
Львовдун борборундагы ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине кирген имарат, 4-март, 2026-жыл
Львовдун борборундагы ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине кирген имарат, 4-март, 2026-жыл

Орусиянын дрондору Львовдун тарыхый имаратына тийди

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




11:29 19.5.2022

Киев Орусия менен сүйлөшүү токтогонун билдирди

Украина президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк Москва менен сүйлөшүү процесси токтогонун жана "Орусия согуштун кесепетин дагы эле түшүнбөгөнү үчүн" ымалага келүү мүмкүн эместигин билдирди.

Подоляк орусиялык аскерлердин Украинанын чыгышында жеңишке жетүү максатын куру кыял катары баалады. Орусияга карата киргизилген санкциялар али толугу менен иштеп баштай электигин, орус экономикасы анын эпкинин жайдын ортосунда сезип баштаарын белгиледи.

"Орусия жалгыз калган өлкө экенин толугу менен түшүнө элек",-деди Подоляк.

15:32 20.5.2022

Британ чалгын кызматы: "Азовсталда" 1700гө чукул украиналык аскер туткунга түштү

Бул маалымат чалгын кызматынын кезектеги баяндамасында айтылат. Заводдо канча аскер калганы белгисиз. Башка аналитиктер Мариуполдун коргоочуларынын күчтүү каршылыгынан соң шаарды курчоого алган орусиялык аскерлер башка багыттарга жөнөтүлөрдөн мурун курал-жарак жана адам күчү жагынан толукталып, күчөтүлүшү керек дешет. Ошол эле учурда командирлерге тез арада ийгилик көрсөтүү талабы коюлуп, кийинки чабуулдар даярдыксыз жасаларын, бул абалды дагы да начарлатары мүмкүн дешкен.

15:41 20.5.2022

Луганск облусунун губернатору Сергей Гайдай: Рубежноеде бүтүн имарат калган жок

Сергей Гайдай согушка чейин бул шаарда 60 миң адам жашаса, азыр Рубежное толугу менен ураганын билдирди. Азыр шаар "жер менен жексен болду", имараттардын көбүн кайра калыбына келтирүү мүмкүн эмес. Тургундардын айрымдары эвакуацияланып, бир бөлүгү дагы эле жертөлөлөрдө баш калкалоодо.

16:12 20.5.2022

Британ чалгын кызматы: Орусия Украинадагы ийгиликсиз аракеттери үчүн бир катар аскер жетекчилерди кызматтан алды

Британиянын Коргоо министрлиги жарыялаган баяндамада фронтто "ийгилик көрсөтпөгөнү үчүн" бир катар аскердик жетекчилер кызматтан четтетилгени айтылат.

Биринчи гвардиялык танк армиясынын башчысы генерал-лейтенант Сергей Кисель Харьковду ала албаганы үчүн, Кара деңиз флотунун адмиралы Игорь Осипов "Мосвква" крейсеринин жок болушуна байланыштуу кызматтан алынган. Башкы штабдын башчысы армиянын генералы Валерий Герасимов өз ордунда калганы айтылган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG