Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:46
Львовдун борборундагы ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине кирген имарат, 24-март, 2026-жыл
Львовдун борборундагы ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине кирген имарат, 24-март, 2026-жыл

Украина: Орусия кайрадан жапырт сокку урду, дрондор Эстония, Латвияга жетти

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




09:46 21.5.2022

Орусиянын Коргоо министрлиги Мариуполду жана "Азовсталь" заводун толугу менен көзөмөлгө алганын жарыялады.

16-майдан бери 2439 украиналык аскер "куралын таштап, багынып берген". Орус тарап 20-майда алардын 531 адамдан турган акыркы тобу чыгарылганын маалымдады.

Украина президенти Владимир Зеленский "Азовсталдагы" адамдардын баары эвакуацияланганын билдирди.
Орус күчтөрү урандыларды тазалап, Мариупол драма театрына болгон соккудан каза болгондордун сөөгүн алып чыгып кеткенин шаар мэринин кеңешчиси Петр Андрющенко билдирди.

"Биз эми орусиялык аскерлердин драма театрга урган соккусунун кесепетинен канча жайкын тургун каза болгонун эч качан тактай албайбыз. Маркумдар Мангуштагы көрүстөндө аты-жөнү жок эле номурлар менен көмүлгөн",-деп жазды.

15:06 23.5.2022

Орусиянын Украинага кол салгандан берки үч ай ичиндеги жоготуулары Советтер союзунун Ооган согушундагы курмандыктары менен бирдей болуп калды.

Британиянын чалгын кызматы орусиялык армиянын оор жоготууларынын себеби катары аскердик бөлүктөрдүн тактикалык даярдыгы начар болгонун, команда берүүдөгү ийкемдүүлүктүн жетишсиздигин, окшош каталардын кайталанышын жана абадан колдоонун жетишсиздигин эсептеген.

16:54 23.5.2022

Украина: согуш кылмыштарына шектелген орусиялык аскер өмүр бою абакка кесилди

23-майда Киевдин соту карапайым кишини өлтүрдү деп айыпталган 21 жаштагы орусиялык аскер Вадим Шишимаринди өмүр бою эркинен ажыратты. Бул Орусия Украинага кол салгандан бери согуш кылмыштарына байланыштуу сот өкүмү чыккан биринчи иш болуп калды. Сот орус аскерин "Уруштун мыйзамдарын жана салттарын бузуу" беренеси менен күнөөлүү деп тапты.

Шишимарин 28-февралда Сумы районунда 62 жаштагы Александр Шелипов аттуу куралсыз тургунду өлтүргөн деп айыпталган. Тергөөнүн маалыматына караганда, маркум Чупаховка айылында велосипед менен баратканда башына ок жеген.

Өткөн аптадагы соттук териштирүүдө Шишимарин күнөөсүн моюнуна алып, маркумдун жакындарынан кечирим сураган.

16:56 23.5.2022

Украина Беларус менен чек арасында аскерлер көбөйгөнүн билдирди

Украина Беларус менен чек арасында аскерлерлердин саны көбөйгөнүн жана армиянын кыймыл-аракети күчөгөнүн эскертти.

Өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 23-майда билдиргендей, Беларустун армиясы Гомел регионунун Украина менен чектеш аймактарына кошумча аскерлерин жөнөтүп, чалгындоо иштерин күчөттү.

"Беларустун аймагынан ракета жана аба соккулары болот деген коркунуч кала берүүдө", - деп айтылат расмий билдирүүдө.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG