Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:35
Львовдун борборундагы ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине кирген имарат, 24-март, 2026-жыл
Львовдун борборундагы ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине кирген имарат, 24-март, 2026-жыл

Украина: Орусия кайрадан жапырт сокку урду, дрондор Эстония, Латвияга жетти

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




16:57 23.5.2022

Байден: Орусия Украинаны жок кылууну көздөйт

АКШнын президенти Жо Байден орус президенти Владимир Путинди "Украинаны жок кылууга аракет кылып жатат" деп айыптады. Ал бул сөзүн 23-майда Токиодогу маалымат жыйынында айтты. Азияда иш сапары менен жүргөн Байден Орусиянын Украинада мектептер, театрлар, ооруканалар жана музейлер сыяктуу жарандык инфраструктураны бомбалаганы Путиндин чыныгы ниетин ашкерелеп жатканын кошумчалады.

"Менимче, Путин аракет кылып жаткан нерсе - бул Украинанын иденттүүлүгүн жок кылуу", - деди Байден. "Ал басып ала албайт, бирок анын иденттүүлүгүн жок кылууга аракет жасай алат".

13:07 24.5.2022

Орусиянын Коргоо министрлиги "Москва" крейсериндеги моряктарды кокустан каза болгонун таануу аракетинде

"Москва" крейсеринин чөккөнүнө бир айдан ашты. Аскердик кемеде болгон матростордун ата-энелери кырктан кем эмес адам каза болгонун айтканына карабай, Коргоо министрлиги дагы эле бир адам каза болуп, 27 аскер дайынсыз болуп жатканын билдирүүдө. Ошондой эле жарадар болгондор, эвакуациялангандарын саны дагы эле белгисиз.

"Нова газета. Европа" басылмасы жазгандай, Кара деңиз флотунун белгисиз болуп жаткан аскерлеринин ата-энелери жетекчиликтен чындыкты билүү аракетин улантып, Орусиянын Коргоо министрлигинин үстүнөн доочу болорун жарыялаган.

Басылмага дайынсыз болуп жаткан эки аскердин апалары кайрылып, аларга балдарынын "кырсыктан улам каза тапканын" кабыл алуусун сунушталганын айткан. Алар бул боюнча документке кол коюудан баш тарткан.

13:09 24.5.2022

Ютуб Украинадагы согушту "атайын операция" деп атаган каналдарды жапты

Орусия Украинага бастырып кирген үч айдын аралыгында Ютуб тогуз миңден ашык каналды жапты. Ошондой эле 70 миңден ашык видеону согуштук аракеттер тууралуу туура эмес маалымат камтылган деген негизде жүктөөгө уруксат берилген эмес. Бул тууралуу The Guardian басылмасы жазды.

Анда Орусиянын Тышкы иштер министрлиги жана Коргоо министрлиги менен байланышы бар каналдарга согушту "куткаруу миссиясы" катары сүрөттөгөн видеолорду жүктөөгө убактылуу тыюу салынганы айтылат.

13:21 24.5.2022

Орус армиясы Северодонецкти өз көзөмөлүнө алуу үчүн бардык күчүн буруп жатканын Украинанын башкы штабы билдирди.

Украина президенти Владимир Зеленскийдин айтышынча, Донбасс аймагындагы согушта күнүнө жүздүн тегерегиндеги украин аскери каза болушу мүмкүн.

Британ чалгын кызматы Орусия болсо Украинага басып кирген үч ай ичинде Ооган согушунун 9 жылында СССРдин жоготууларына тете зыян тартканын жарыялаган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG