Украина Орусиянын Кара деңиздеги камоолуна каршы Даниядан "Гарпун" ракеталарын алат
Украинанын деңиз жээктериндеги коргоонуусуна жардам катары Дания заманбап, кемеге каршы "Гарпун" ракеталарын берет. Бул тууралуу АКШнын коргоо министри Ллойд Остин бир катар өлкөлөрдүн коопсуздук боюнча жетекчилеринин "Украина үчүн байланыш тобунун" жыйынынан кийин билдирди.
Одессанын портунда учурда экспортко кетчү жүз миңдеген тонна буудай үйүлүп турат. Орусиянын деңиз күчтөрүнүн камоолу дүйнөлүк азык-түлүк кризисине кептеши мүмкүн деген божомолдор буга чейин айтылып келген.
Жыйындын катышуучуларынын бири, АКШ Башкы штабынын мүчөсү генерал Марк Милли "Гарпун" ракеталары Украинадан Кара деңиздин жээгиндеги жүк ташууларды калыбына келтирүүгө жардам бере албасын, бирок орус флотунун Одессага кирүүсүнө жол бербешке жарай турганын айтты.
Филиппиндин президенти Путинди “балдарды өлтүрүп жатат” деп айыптады
Филиппиндин президенти Родриго Дутерте Министрлер кабинетинин апталык телекеңешмесинде сүйлөп жатып Орусиянын президенти Владимир Путинди Украинадагы согушта жайкын тургундарды өлтүрүп жатат деп айыптады. Бул тууралуу The Independent гезити жазды.
Дутерте Путиндин кол салууну “атайын аскердик операция” деп атаганына макул эмес экенин айтып, бул Орусиянын “суверендүү мамлекетке” жасаган кеңири масштабдагы согушу экенин белгиледи.
Орусия Украинанын Северодонецк шаарын басып алуу үчүн чабуулдарын күчөттү
24-майда Орусиянын күчтөрү Украинанын Луганск облусунда чабуулдарын кайрадан жандантты. Облустун губернатору Сергей Гайдай кабарлагандай, бул күнкү чабуулдан Северодонецк шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдү аткылоодон кеминде 4-5 адам өлдү. Ал орус армиясы бул чөлкөмдөгү аскерлеринин санын болжол менен 12 500гө чейин көбөйткөнүн айтты.
Британ Чалгын кызматынын маалыматына ылайык, орус аскерлери 100 миңдей калк жашаган Северодонецк шаарын басып алууга аракет кылып жатат. Мындан сырткары Лисичанск жана Рубежный айылдарын да талкалоого күч жумшоодо.
Луганск облусунун аскердик администрациясынын башчысы Сергей Гайдай орусиялык армия менен украин куралдуу күчтөрүнүн айыгышкан кармашы тууралуу маалымат берди.
"Кырдаал өтө оор. Тилекке каршы күн сайын, саат сайын начарлап жатат. Атышуунун саны улам көбөйүүдө. Орусиялык армия Северодонецкини толук талкалоону чечти окшойт. Шаарды авиация менен бомбалап, замбирек, миномет менен атып жатат", - деди Гайдай "Украина 24" каналына.
Гайдайдын айтымында, орусиялыктар Северодонецкиге ар кайсы тараптан кирүүгө аракет кылып, бирок анысы майнапсыз болууда.
Донецк облусунун башчысы Павел Кириленко өз кезегинде Телеграмга шейшемби күнү аймакта орусиялыктардын аткылоосунан 12 жай тургун каза тапканын кабарлады.