Канада Украинага америкалык снаряддар үчүн 20 миң М-777 гаубиц берет
Бул тууралуу шейшембиде өлкөнүн коргоо министри Анита Ананд билдирди. Анын айтымында, гаубиц үчүн снаряддар Украинага 100 млн. долларлык жардам пакетинин алкагында берилет. Буга чейин Украинага М-777 гаубицасынан 100дү АКШ, төртөөнү Канада берген.
Еврокомиссиянын төрайымы Орусия азык-түлүктү курал катары колдонуп жатканын айтты
Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Орусия азык-түлүктү жеткирүүнү курал катары колдонуп жатканын айтты. Москваны тамак-аш азыктарына болгон бааны көтөрүүгө айыптады. Ал дүйнөдө азык-түлүк жеткирүүдөгү ири камсыздоочу болуп саналган Украинадагы согуштун кесепети оор болорун эскертти.
“Орусия басып алган Украинада Кремлдин армиясы буудайдын жана техниканын запастарын тартып алууда, орус аскердик кемелери Кара деңизде буудай жана күнкарама ташыган украин кемелерин чыгарбай жатат. Орусия учурда өзүнүн тамак-аш азыктарынын экспортун бууп, дүйнөлүк бааларды көтөрүү үчүн же буудайды саясий колдоого пайдалануу үчүн шантаж кылганга даярданып жатат”,-деди ал Швейцариянын Давос шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк экономикалык форумда сүйлөп жатып.
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан өлкөдө өзгөчө абал жарыялады. Ал мунун себебин коңшу Украинада уланып жаткан согуштук абалга байланыштуу жаралып жаткан экономикалык көйгөйлөр менен байланыштырды.
AFP басылмасы кабарлагандай, Венгрияда COVID-19 коронавирустук инфекциясынын пандемиясына байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими шейшемби күнү аяктады.
“Дүйнө экономикалык кризистин алдында турат. Венгрия өз жарандарын согуштан жана финансылык коопсуздуктан коргошу керек”, - деп жазды Орбан Фейсбуктагы постунда. Ал бул үчүн “чукул чараларды көрүүгө” мүмкүнчүлүктөр керектигин белгиледи.
Орусия армиясы Украинанын чыгышындагы негизги шаарларды аткылап жатат
Украин аскерлери билдиргендей, орус армиясы Донбасттагы кырктай шаарды аткылап, эки негизги калааны куурчап алуунун алдында турат.
Луганск облусунун губернатору Сергей Гайдай маалымдагандай, орусиялык күчтөр 25-майда Лисичанск жана Северодонецк шаарына артиллериялык чабуул жасашкан. Карапайым тургундардын арасында жоготуулар бар.
Гайдайдын айтымында, учурда Лисичанскта полиция каза болгондордун сөөктөрүн чогултуп жатат. Ушул убакка чейин бир жерге 150дөй адамдын сөөгү көмүлдү.