Путин атындагы чокуга Украинанын желеги илиниши боюнча альпинисттер суракка алынды
Чүй облусундагы Путин атындагы чокуга Украинанын желеги илинген видеону тарткан альпинисттер суракка алынды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.
Текшерүүнүн алкагында укук коргоо органдарына аталган аймактын токойчусу 24-майда кечки саат 7.30 чамасында чокуга бараткан эки альпинистти көргөнүн айткан. Укук коргоо кызматкерлери альпинисттердин тек-жайын аныктап, суракка алганда алар чокуга чыкканда илинген желекти көрүшкөнүн, аны видеого тартып алышканын айткан.
Милиция учурда бул иштин жагдайларын аныктоо үчүн тиешелүү чаралар көрүлүп жатканын, аталган факт маалымат журналына катталганын билдирди.
Орусия эски танктарын согуш талаасына чыгара баштады
Британиянын Коргоо министрлиги чалгынчылардын маалыматына таянып, Орусия 50-жылдары чыккан Т-62 үлгүсүндөгү танктарын кампадан чыгарып, "Украинанын түштүк аймагын окуппациялоо тапшырмасын аткарып жаткан" аскердик тобу жайгаштырылган зонага алып барылганын жазды.
"Т-62нин танктарга каршы куралга туруштук бериши кыйын жана бул техникалардын согуш талаасында болушу Орусияда заманбап согуштук техниканын жетишсиздигин көрсөтүп турат",-деп айтылат билдирүүдө.
Пентагон: Орусиянын армиясынын Украинада "жай болсо да айрым ийгиликтерге жеткени" менен көп жоготууларга дуушар болду
Бул тууралуу 26-майда АКШнын Коргоо министрлигинин жогорку кызматтагы өкүлү билдирди. Анын айтымында, украин аскерлери ушул кезге чейин ийгиликтүү "катуу каршылык" көрсөтүп жатканына карабай, Орусия Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрүнө жана Донбасстын ар кандай объектилерине, шаарларына оор соккуларды урууну улантууда.
Пентагондун атын атагысы келбеген расмий өкүлү бир нече басылмаларга украин армиясы "Харьковдун айланасында да акырындык менен прогресске жетишип жатканын" жана каршы чабуулдаы менен бир катар аймактарды кайтарып алууга жетишкенин белгиледи.
Пентагондун маалыматына ылайык, согуш башталгандан бери Орусиянын армиясынын кеминде миң танкы, 36 учагы жана 50дөн көп тик учагы жок кылынган.
Украина Батышты оор куралды эрте берүүгө чакырды
Украин куралдуу күчтөрүнүн 26-майда кабарлаганына караганда, орус армиясы өлкө чыгышында 40 чакты айыл-кыштакты аткылады. Салгылашуу Северодонецк шаарынын жака белинде жүрүп жатат. Маалыматтарга караганда, шаар бир жарым жумадан бери бомбалоого, аткылоого дуушар болууда, турак үйлөрдүн 90 пайызы жабыркады.
Жергиликтүү аскердик-жарандык администрациянын башчысы Александр Стрюк NV радиостанциясына билдиргендей, согушка чейин жергиликтүү калктын саны 100 миң болсо, калган 12-13 миң тургундун көбү жер төлөдө башкалкалап келет.
Луганск облусунун губернатору Сергей Гайдай социалдык тармактардагы интервьюда орустардын “50 чакты” аскери Северодонецк менен Лисичанск шаарларын туташтырган трассага чейин жетип, кыска убакытка ал жакты көзөмөлгө алып, көп узабай “чегинүүгө мажбур болгонун” айтты.