Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:09
Львовдун борборундагы ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине кирген имарат, 24-март, 2026-жыл
Львовдун борборундагы ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине кирген имарат, 24-март, 2026-жыл

Украина: Орусия кайрадан жапырт сокку урду, дрондор Эстония, Латвияга жетти

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




14:23 27.5.2022

Орусиянын армиясы Северодонецкиге чабуулун күчөттү

Орусиялык аскерлер Донбасстагы Северодонецк шаарына чабуулдарын күчөтүштү. Ошондой эле өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Харьков шаарын туш келди аткылоодон тогуз киши мерт кетип, жыйырма чакты адам жарадар болду.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Москваны "геноцидге" айыптап, Батышты Орусия менен "ойноону" токтотуп, согушка чекит коюуга жардамдашууга чакырды.

"Мунун баары биздин элибиздин депортацияланышы жана жайкын тургундардын жапырт өлтүрүлүшү, Орусия жүргүзүп жаткан геноцид саясатынын ачык көрүнүшү",-деди Зеленский.

21:18 27.5.2022

Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөсүнүн суверендүүлүгүн коргоо үчүн Орусиянын лидери Владимир Путин менен сүйлөшүү керек экенин билдирди. Соңку ирет украин-орус делегациялары көзмө-көз 29-мартта Стамбулда жолугушкан. Андан кийинки сүйлөшүүлөр онлайн уланып, көп өтпөй такыр токтоп калганы кабарланган.

Зеленский 27-майда индонезиялык аналитикалык борборго жасаган кайрылуусунда Украина Путин менен сүйлөшүүнү каалабастыгын, бирок реалдуулукту эске алып, согушту токтотуу үчүн мындай кадамга баруусу керек болушу мүмкүн экенин айтты.

"Биз бул жолугушуудан эмнени көздөйбүз? Биз суверендүү мамлекетин өзүнүн аймагындагы жашоосун калыбына келтирүүнү каалайбыз", - деген Зеленский пикиринде, Орусия азырынча олуттуу тынчтык сүйлөшүүлөрүнө даяр эмес.

16:12 28.5.2022

БУУ: Согуш башталгандан бери Украинадан 6,7 млн. адам чыгып кетти

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматында акыркы суткада эле өлкөнү 41 миң адам таштап чыгып кеткен. Согуш башталгандан бери жалпы 6 700 411 адам тышка чыгып кеткен, 3,5 миллиону Польшага барган.

16:21 28.5.2022

Жо Байден: Путин украин элинин маданиятын жок кылгысы келет

"Путиндин Украинадагы согушу ырайымсыз. Украинаны эле ээлеп алгысы келбей, украин элинин салт-санаасын, маданиятын, көз карашын талкалаганга аракет кылууда. Мектептерге, төрөт үйлөргө, оорукана, музейлерге кол салып жатат. Маданиятты талкалоодон башка максаты жок экени көрүнүп калды. Бул эл аралык укук жана тартипке түздөн түз бузуу. Силер бара жаткан дүйнө ошондой", - деди Байден АКШнын аскердик-деңиз флотунун академиясынын бүтүрүүчүлөрүнүн алдында сүйлөп жатып.

Президент Путиндин Украинадагы согушу айрым мүчөлөрдү НАТОго мүчө болууга түртүп жатканын белгилеп, Швеция жана Финляндияны мисал келтирди.

"Путин мурда бейтараптуулукту карманган Европа өлкөлөрүнүн баарын НАТОну тандоого аргасыз кылууда", - деп белгиледи.

Ак үйдүн башчысынын билдиришинче "акыркы 10 жыл кылым үчүн маанилүү болот" жана АКШ аскерлери дүйнөлүк демократияны авторитаризмден коргоого аргасыз.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG