Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:47
Львовдун борборундагы ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине кирген имарат, 24-март, 2026-жыл
Львовдун борборундагы ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине кирген имарат, 24-март, 2026-жыл

Украина: Орусия кайрадан жапырт сокку урду, дрондор Эстония, Латвияга жетти

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




16:41 28.5.2022

Северодонецкиде катуу кармаш жүрүп жатат

Северодонецкиде атышуу токтой элек, орус аскерлери "Мир" мейманканасына кечээ кирген бойдон чыга элек жана "чоң жоготууга" учурап жатат. Бул тууралуу 28-майда улуттук марафон эфиринен Луганск облусунун аскердик администрациясынын башчысы Сергей Гайдай билдирди.

"Орусиялык аскерлер шаардын жака белинде турат. "Мир" мейманканасына киришкен. Андан ары жакта токой бар. Чоң жоготууга учурап жатышат. Бирок мейманканадан чыкпай отурушат, ичинде өлгөндөр көп. Чыкканга аракет кылышууда. Тактика мурдагыдай эле - бир нече саат артиллериядан атып, анан жылууга аракет кылышат. Бирок андан майнап чыга элек. Аларды биздин балдар кармап турат".

Луганск облусунун башчысы Северодонецк өлкөдөн бөлүнүп калбаганын, шаарга гуманитардык жүк жеткирүүгө мүмкүнчүлүк барын айтты. Бирок Лисичанск-Бахмут трассасын орусиялык аскерлер атып жаткандыктан жол жүрүү кооптуу экенин эскертти. "Трассада болгон машиненин баары тешилип калганча атылган" деди ал.

21:22 28.5.2022

Николаевдеги аткылоо

Орусиялык аскерлер Николаев шаарындагы эл жашаган үйлөрдү аткылады. Бул тууралуу билдирүүнү шаар башчы Александр Сенкевич сүрөттөрү менен чогуу Телеграмга жарыялады.

21:33 28.5.2022

Орусияда Украинадагы согушка каршы чыккан депутаттарга басым күчөдү

Путинден аскерлерди Украинадан чыгарууну талап кылган Орусиянын Приморский крайынын депутаттарына өкмөттүк медиа басым кылып, "буюртма" пикеттер өтүп жатат. Бул тууралуу The Insider басылмасы атын атагысы келбеген депутатка таянып билдирди.

Депутаттардын айтымында, "атайын операцияга" каршылар айыпка жыгылышы мүмкүн.

"Азыр кодулоо башталды. Эгер депутаттар интервью бере баштаса, камоо да болушу мүмкүн. Биз Орусияда жашайбыз да", - деген маектеш басылмага.

Анын айтымында учурда аймактагы өкмөттүн имаратынын жанында студенттер "зачет үчүн" пикет өткөрүп жатышат. Алар депутаттарга каршы ураандар жазылган плакаттарды кармап турушат. Өкмөттүк "Восток-Медиа" басылмасы депутаттардын аракетин айыптаган материалдарды жарыялап, Владивостоктун жашоочулары өткөргөн пикет тууралуу жазды. Сайт адамдардын "Чемодан, вокзал, Львов", "Шульга – Мекендин саткыны" деген плакат кармаган адамдардын сүрөтүн жарыялады.

Буга чейин Орусиянын Приморский крайынын депутаттары президенти Владимир Путинди Украинадагы аскердик аракеттерди токтотуп, өлкөдөн аскерлерди чыгарып кетүүгө чакырышкан.

Мындай билдирүүнү Коммунисттик партиянын депутаттарынан атынан 27-майда аймактын Мыйзам чыгаруу жыйынынын өкүлү Леонид Васюкевич окуп берген.

21:57 28.5.2022

Путин келишим менен аскерге чакырылгандардын жашына чектөөнү алып салды, эми согушка 40 жаштан өйдө адамдар да барууга тийиш

Орусиянын президенти Мамдума үч окуудан кабыл алып, Федерация кеңешинен өткөн мыйзамга кол койду. Оңдолгонго чейинки Орусиянын "Аскердик милдет жана аскердик кызмат" мыйзамына ылайык аскерде келишим менен 40 жашка чейинки орусиялыктар, 30 жашка чейинки чет элдиктер гана кызмат өтөчү. Чектөөлөр алынгандан кийин 65 жашка чейинки эркектер жана 60 жашка чейинки аялдар аскерде келишим менен кызмат өтөсө болот.

Мамдуманын комитетиндеги мыйзам долбоорунун демилгечилери талкуу маалында таамай тийчү куралдарды жана аскер техникаларын колдонуу үчүн жогорку даярдыктагы адистер керек экенин айтышып, адам андай чеберчиликти 40-45 жашында толук өздөштүрө турганы менен негиздешкен.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG