Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:24
Львовдун борборундагы ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине кирген имарат, 24-март, 2026-жыл
Львовдун борборундагы ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине кирген имарат, 24-март, 2026-жыл

Украина: Орусия кайрадан жапырт сокку урду, дрондор Эстония, Латвияга жетти

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




22:22 28.5.2022

Британиянын чалгын кызматы: Лиманды басып алуу Донбасска чабуулдун кийинки этабы болушу мүмкүн

"Донецк облусундагы Лиман шаарын басып алуу орусиялык армиянын Донбасстагы чабуулунун кийинки этабы болушу мүмкүн" деп айтылат британиялык чалгын кызматынын кезектеги билдирүүсүндө. Лиман стратегиялык жактан өтө маанилүү шаар, аны алуу менен темир жолдорго, Түндүк Донец дарыясындагы унаа өткөн көпүрөлөргө жол ачылат.

"Лимандагы плацдарм Донбасска кол салуунун кийинки фазасында Украинанын Донецк облусуна, Славянск жана Краматорск шаарларына жылууга мүмкүнчүлүк берет".

Донецк жана Луганск облустарын толук алуу Кремл тарабынын Украинага кол салууну актаган саясий жетишкендик катары бааланат. Бирок даярдыгы мыкты украин армиясы бул аймакта Орусияны чыгымга учуратышы толук мүмкүн.

Орусиянын Коргоо министрлиги билдирүүсүндө бул шаарды "Кызыл Лиман" деп атаган. Шаардын аталышы ага чейин 2016-жылы декоммунизация алкагында Лиман деп өзгөртүлгөн болчу.

12:55 31.5.2022

Орусиянын армиясынын Донбасс облусундагы Славянск шаарчасына урган ракеталык соккусунан үч киши каза таап, алты жаран жараат алды. Бул тууралуу облустун губернатору Павел Кириленко билдирди.

"Азаттыктын" украин кызматы ракеталык соккунун кесепеттерин жарыялады.

13:00 31.5.2022

Байден АКШ Орусияга чейин жетчү ракеталарды Украинага бере албай турганын билдирди

Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден Вашингтон алыскы аралыкка атыла турган ракеталарды Украинага бере албай турганын билдирди. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлады.

“Биз Орусияга сокку жасай ала тургандай ракеталык системаларды Украинага жеткирбейбиз”,-деди Байден дүйшөмбү күнү журналисттерге Вашингтондо.

Өткөн апта CNN жана Washington Post жалпыга маалымдоо каражаттары АКШ Украинага жүздөгөн чакырым аралыктарга сокку ура ала турган ракеталык системаларды берүүнү пландап жатканын кабарлашкан. Анын ичинде HIMARS артиллериялык ракеталык системасын жана MRLS жапырт атуучу системасы Киевге жөнөтүлүшү ыктымал экенин билдиришкен.

13:01 31.5.2022

Эрдоган Путинге Орусия, Украина жана БУУнун ортосунда сүйлөшүү өткөрүүнү сунуштады

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 30-майда телефондон сүйлөштү. Бул тууралууэки президенттин кеңсеси кабарлады.

Түрк тарап билдиргендей, Эрдоган баарлашууда Стамбулда Орусиянын, Украинанын жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) өкүлдөрүнүн үч тараптуу сүйлөшүүсүн өткөрүүнү сунуштады. Ал ошондой эле Москва менен Киев тиешелүү макулдашууга келсе, Түркия Украинага байкоочу миссиясын жөнөтүүгө даяр экенин айтты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG