Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:44

Эрдоган Путинге Орусия, Украина жана БУУнун ортосунда сүйлөшүү өткөрүүнү сунуштады


Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган.
Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 30-майда телефондон сүйлөштү. Бул тууралуу эки президенттин кеңсеси кабарлады.

Түрк тарап билдиргендей, Эрдоган баарлашууда Стамбулда Орусиянын, Украинанын жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) өкүлдөрүнүн үч тараптуу сүйлөшүүсүн өткөрүүнү сунуштады. Ал ошондой эле Москва менен Киев тиешелүү макулдашууга келсе, Түркия Украинага байкоочу миссиясын жөнөтүүгө даяр экенин айтты.

Владимир Путин менен Режеп Тайып Эрдоган мындан сырткары Сириядагы кырдаалды да кеп кылышты. Эрдоган ал жактан Түркияга чабуул уланып жатканын айтты.

Кремл эки президент украин портторунан дан азыктарын чыгарып кетүү маселеси жана Кара деңиз менен Азов деңизинде кемелердин коопсуздугу тууралуу кеп кылганын маалымдап, орус-украин сүйлөшүүлөрү боюнча сөз болгонун тактаган жок.

Орусия Украинага кол салгандан кийин башталган Москва менен Киевдин тынчтык сүйлөшүүсү майдын ортолорунда үзгүлтүккө учураган. Украин бийлиги орус аскерлери алардын аймагынан чыгып кеткенге чейин сүйлөшүүлөрдүн уланышы күмөн экенин билдирүүдө. Мурдараак эки тараптын делегациялары Стамбулда кездешкен, анда Режеп Тайып Эрдоган да катышкан. (ErN)

XS
SM
MD
LG