Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:03

Арменияда демонстранттар полиция менен кагылышып, жүздөй адам кармалды


Армениянын борбору Еревандагы нааразылыктар. 30-май, 2022-жыл.
Армениянын борбору Еревандагы нааразылыктар. 30-май, 2022-жыл.

Армениянын борбору Ереванда премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылгандар 30-майда өкмөттүк имараттарга кирүүгө аракет кылып, полиция менен кагылышты.

Үч полиция кызматкери жабыркап, ооруканага жеткирилди. Полиция бул күнү акцияга чыккан жүздөн ашык демонстрант кармалганын маалымдады.

Мунун алдында митингчилер төрт-беш күн ар кайсы мамлекеттик мекемелерди кыдырып, ар бирине өз-өзүнчө талаптарды коё баштай турганын жарыялашкан. Андан кийин алар өкмөттүн 3-корпусуна кирүүгө аракет кылышкан.

Армениядагы нааразылыктар апрелдин аягында башталды. Майдын башынан тартып акциялар күчөп, “баш ийбөө” формасына өткөн. Алар көчөлөрдөгү кесилиштерде отургучтарды, таштанды челектерин пайдаланып, баррикада жасап, жолдорду бууганга аракет кылышкан. Андан бери өкмөттүн, президенттик сарайды, министрликтердин жана парламенттин имаратына бөгөттөшкөн.

Нааразылык акциясы премьер-министр Никол Пашиняндын “эл аралык коомчулук армян тараптан Тоолуу Карабактын макамы боюнча талаптарын жумшартууну күтүп жатат” деген сөзүнөн кийин тутанды. Оппозиция муну менен армян өкмөтү Тоолуу Карабак боюнча Азербайжандын шарттарына көндү деп жатат. Чогулгандар Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылууда.

Эки өлкө ортосундагы Тоолуу Карабак аймагында мартта кайрадан тиреш катталган. Апрелде эки тарап Тоолуу Карабактагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча тынчтык келишимин иштеп чыгууну жана чек араны демаркациялоо боюнча комиссия түзүүнү макулдашкан.

Армения менен Азербайжан 2020-жылы Тоолуу Карабак аймагын талашып, катуу кагылышкан. Армения тараптан 4 миңдей, Азербайжан тараптан 3 миңдей адам каза болгон. Бул жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып, алгач 1980-жылдары согушкан. Жикчил аймактагы 1988-1994-жылдардагы согушта 30 миңдей адам өлгөн, 100 миңден ашуун адам качкын болгон же жер которгон. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG