Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:07

Байден АКШ Орусияга чейин жетчү ракеталарды Украинага бере албай турганын билдирди


Жо Байден
Жо Байден

Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден Вашингтон алыскы аралыкка атыла турган ракеталарды Украинага бере албай турганын билдирди. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлады.

“Биз Орусияга сокку жасай ала тургандай ракеталык системаларды Украинага жеткирбейбиз”,-деди Байден дүйшөмбү күнү журналисттерге Вашингтондо.

Өткөн апта CNN жана Washington Post жалпыга маалымдоо каражаттары АКШ Украинага жүздөгөн чакырым аралыктарга сокку ура ала турган ракеталык системаларды берүүнү пландап жатканын кабарлашкан. Анын ичинде HIMARS артиллериялык ракеталык системасын жана MRLS жапырт атуучу системасы Киевге жөнөтүлүшү ыктымал экенин билдиришкен. Ошол эле маалда Ак үйдүн өзүндө бул куралдар Орусиянын аймагына чабуул жасоо үчүн колдонулушу мүмкүн деген камтамачылыктар болуп жатканы да айтылган.

Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасын орун басары Дмитрий Медведев Байдендин соңку билдирүүсүн “акылдуу чечим” деп баалады. “Антпесе, биздин шаарларга чабуул болсо Орусиянын Куралдуу күчтөрү ал кылмыштуу чечимди кабыл алып жаткан жерлердин очогуна сокку урушмак”,-деп жазды ал Телеграм каналына.

АКШ Украинага курал жеткирүү боюнча жаңы маалыматтарды ушул аптада жарыялайт деп күтүлүүдө.

Орусиянын басып киришине байланыштуу Укринанын армиясына АКШ, Улуу Британия, Чехия, Нидерланды баштаган бир катар батыш өлкөлөрү жардам берип жатат. Согуш башталгандан бери эң көп куралды АКШ берди. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG