Би-Би-Си Украинада набыт болгон 3 миңден ашуун орус аскеринин атын атады
Би-Би-Синин орус кызматы Украинада каза болгон 3052 орусиялык аскердин ысымын тактады. Басылма айрым шаарларга каза болгондорду көмүү үчүн "бүтүн аллея" бөлүнгөнүн ырастаган. Бул жайларды Ставропол, Казан, Краснодар, Екатеринбург, Новосибирск, Балаших, Ульяновск жана Калининград облустарынан көрүүгө болот.
Каза болгону аныкталган аскерлердин көпчүлүгү тууралуу орус бийлиги да, маалымат каражаттары да билдирген эмес. Ошол эле учурда алар чыныгы статусу белгисиз болгон “ыктыярчыларды” көбүрөөк айта башташты.
Каза болгон 3052 аскердин 152си улук офицерлер - майордон генералга чейин, 405и кенже офицерлер. Жалпы аскерлердин 20 пайызы мотоаткычтар, 19% аба-десанттык аскерлерден болгон.
Евробиримдик орус мунайын алууга жарым-жартылай чектөө койду
Евробиримдик дүйшөмбүнүн кечинде Орусияга каршы санкциялардын 6-пакетин макулдашты. Документте орус мунайынын бир бөлүгүнө эмбарго салуу жана Сбербанкты SWIFT системасынан өчүрүү каралган. Бул тууралуу Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель Твиттерге жазды. Маалыматка караганда, шаркет Орусиядан сатып алып жаткан мунайдын үчтөн эки бөлүгүнө чектөө киргизилмечи. Санкцияга деңиз менен ташылган кара май гана кабылып, куурлар менен алынганы мурдагыдай эле калат.
Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен чечимди кубаттарын, Орусиядан мунай импорту жыл аягына чейин 90 пайыз азаярын билдирди.
Орусиянын аскерлери Северодонецк шаарынын борборуна жакындады
Орусиянын куралдуу күчтөрү Украинанын Северодонецк шаарынын борборуна жакындады. Бир нече күндөн бери калаанын көчөлөрүндө салгылашуулар жүрүп жатат. Украина президенти Владимир Зеленский Донбасстагы абал абдан оор экенин 30-майдын кечинде айтты:
“Орус армиясы айрым чөлкөмдөргө көп сандагы аскерлерин тартып, биздин жоокерлерге кысым барган сайын күчөп жатат”.
Орусия Киев жана Харьков облустарынан сүрүлүп чыккандан бери өз күчтөрүн Донбасска топтоп, тынбай чабуул коюп келатат.
Британиянын чалгындоо кызматы 31-майда Северодонецк аткыланып жатканын, шаардын жака белинде кармаш жүргөнүн бышыктады.
Украинада орусиялык эки аскер узак мөөнөткө эркинен ажыратылды
Украинанын соту туткунга түшкөн орусиялык эки аскердин ар бирин 11 жарым жылга эркинен ажыратты. Алар 24-февралда, Орусия басып кирген биринчи күнү Харьков облусунда жарандык объекттерди аткылаганы үчүн күнөөлүү деп табылды. Прокуратура согуш мыйзамдарын жана салтын бузуу беренеси боюнча айыпталган Александр Бобыкин менен Александр Ивановду 12 жылга кесүүнү сураган. Экөө тең күнөөсүн моюнуна алды.
Тергөөнүн маалыматына ылайык, 24-февралда алар украин айыл-кыштактарын Орусиянын Белгород облусунан жана украин аймагынан “Град” системасы менен аткылоого катышкан.