Германиянын компаниялары газ үчүн акыны Москванын шарты менен төлөдү
Германиянын Uniper жана RWE энергетикалык компаниялары орус газы үчүн акыны Москва сунуш кылган схема менен төлөдү.
Компаниялар бул ыкма Орусияга каршы киргизилген санкцияларды бузбай турганын жана Германиянын өкмөтү менен макулдашылганын айтышууда.
Байден Украинага заманбап ракета системасы берилерин билдирди
АКШ президенти Жо Байден Украинаны алдынкы ракета системалары менен камсыздоо макулдашылганын билдирди. Президент The New York Times гезитинде жарык көргөн баяндамада:
“...агрессиядан коргонууга кудуреттүү, демократиялык, көз карандысыз, суверендүү жана бакубат Украинаны көрүүнү каалайбыз. Ошондуктан украиндерге заманбап ракета системалары менен курал-жарак беребиз деп чечтим. Алардын жардамы менен согуш майданындагы буталарды таамай ата алышат”, - деп жазды.
Зеленский: Украина салгылашууларда күнүгө 60-100 жоокеринен айрылып жатат
Куралдуу кармаштарда Украина күнүгө 60-100 жоокеринен айрылып жатат. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский Newsmax америкалык интернет басылмасына берген интервьюда билдирди.
“Украинанын чыгышындагы абал абдан татаал. Күнүнө алтымыштан жүзгө чейин жоокерибиз окко учуп жатат, 550 чактысы жарадар болууда. Коргонуу позицияларыбызды кармап турабыз”, - деп айтты Зеленский.
Северодонецкинин басымдуу бөлүгү орустардын көзөмөлүнө өттү
Украинанын чыгышындагы салгылашуу күч алганы кабарланууда. Луганск облусунун аскердик жетекчиси орус аскерлери Северодонецк шаарынын басымдуу бөлүгүн көзөмөлгө алганын билдирди.
“Орустар чабуул коюп, Северодонецкиде позициясын бекемдөөдө, инфраструктураны, өнөр жай объектилерин талкалоонуу улантышууда”, - деп жазды Сергей Гайдай 1-июнда Телеграм-каналына.