Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:26
Львовдун борборундагы ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине кирген имарат, 24-март, 2026-жыл
Львовдун борборундагы ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине кирген имарат, 24-март, 2026-жыл

Украина: Орусия кайрадан жапырт сокку урду, дрондор Эстония, Латвияга жетти

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




18:39 1.6.2022

БУУ: Украинадагы согуш 4 миңден ашуун жай тургундун өмүрүн алды

Украинага орус аскерлери басып киргенден бери бул өлкөнүн 4113 жайкын тургуну каза болгонун, алардын 264ү балдар экенин 31-майда Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча өкүлүнүн Киевдеги кеңсеси билдирди.

5 миңдей адам жараат алды, алардын 421и балдар.

Каза болгондордун көбү окко учкан же авиачабуулдарга кабылган.

16:36 2.6.2022

"Рейтер": АКШ Украинага Gray Eagle дрондорун сатууну караштырып жатат

АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы Украинага Hellfire ракеталары менен жабдылган төрт даана MQ-1C Gray Eagle учкучсуз учуучу аппаратын сатууну караштырып жатканын Рейтер агенттиги "абалды жакшы билген" үч булакка таянуу менен билдирди.

Алардын айтымында, буга конгресс бөгөт коюшу же план кайра каралышы мүмкүн. – Маселе азыр Пентагондо талкууланып жатат.

Gray Eagle абада 30 саатка чейин туруп, көптөгөн чалгындоо маалыматтарын чогулта алат. Hellfire ракетасынан 8 даана көтөрө алат.

16:41 2.6.2022

Орусиялык журналист Украинага жардам берүү үчүн Нобелдин медалын сатыкка койду

Орусиянын “Новая газета” басылмасынын баш редактору, Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын ээси Дмитрий Муратов украиналык качкындарга, жарадарларга жана ооруканада жаткан балдарга жардам берүү үчүн аталганнаамдын медалын аукционго койду.

Сатуу иштерин Heritage Auctions аукциондук мекемеси уюштурмай болду. Баштапкы баа катары 13 миң доллар коюлду. Финалдык соода 20-июнда Нью-Йоркто өтөт. Түшкөн каражат ЮНИСЕФ аркылуу украиналык балдарга жумшалат.

16:50 2.6.2022

Луганск облусу: айыгышкан согуш токтобой жатат

Айрыкча абал оор болгон Северодонецкиде согуш кызуу жүрүп жатат. Облус башчысы Сергей Гайдайдын айтышынча, украин аскерлери орус армиясын бир нече кварталдан сүрүп чыгарууга жетишкен. Буга чейин шаардын көпчүлүк бөлүгү орус армиясынын колунда экени айтылган.

Гайдай украиналык жалпы элдик телемарафондун эфиринде орус күчтөрү бир нече багыттар боюнча - Попаснадан, Камышевахиден жана Белогоровкадан украин аскерлеринин коргонуусун бузуп өтүүгө аракет кылып жатканын айтты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG