Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:09
Львовдун борборундагы ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине кирген имарат, 24-март, 2026-жыл
Львовдун борборундагы ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине кирген имарат, 24-март, 2026-жыл

Украина: Орусия кайрадан жапырт сокку урду, дрондор Эстония, Латвияга жетти

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




17:28 2.6.2022

Легендарлуу футболчу Пеле Путинди Украинадагы согушту токтотууга чакырды

Дүйнөлүк футболдун легендасы, 81 жаштагы бразилиялык Пеле (Эдсон Арантис ди Насименту) Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылып, Украинадагы согушту токтотууга чакырды.

“Бул уланып жаткан зомбулукту актаганга таптакыр болбойт. Бул жаңжал өтө кейиштүү, маңызсыз жана оору, коркуу жана жек көрүүдөн башка эч нерсе алып келбейт. Аны токтотуу 2017-жылы акыркы жолугушууда мен кыскан сиздин колуңузда”,-деп айтылат Пеленин Инстаграмдагы кайрылуусунда.

17:45 2.6.2022

Меркел Орусиянын агрессиясын биринчи жолу айыптады

Германиянын мурдагы канцлери Ангела Меркел Орусия Украинага кол салгандан бери биринчи ирет Кремлди айыптап, украин тарапты колдоду.

"Мен Орусия кол салган, басып кирген Украинага тилектештигимди билдирем жана анын өзүн-өзү коргоо укугун колдойм", - деди Меркел.

22:24 2.6.2022

2-июнда Европа Биримдигинин Брюсселдеги баш кеңсесинде уюмга мүчө-мамлекеттердин атайын өкүлдөрү Орусиянын Украинага кол салганына байланыштуу Москвага каршы киргизилип жаткан санкциялардын алтынчы пакетин жактырды.

Санкциялардын жаңы топтомунун мазмуну жума күнү жарыяланат деп күтүлүүдө. Анда эң негизги чара катары Орусиядан деңиз аркылуу мунай ташып келүүгө тыюу салынып жатат. Мындан сырткары "Сбербанкты" SWIFT системасынан өчүрүү, жарандарды жана компанияларды кара тизмеге киргизүү чаралары каралууда.

Санкциялардын алтынчы пакети апрелден тартып эле талкууланып келаткан. Европа Комиссиясы документтин долбоорун 4-майда уюмга мүчө-мамлекеттерге жөнөткөн эле. Алар талаш-тартыштардан кийин анын мазмунун 30-майда макулдашкан.

Санкциялардын ичинде көбүнчө мунайга толук эмбарго киргизүү каршылыктарды жараткан. Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан уюмдун ичиндеги мамлекеттерге Орусиядан мунай ташып келүүгө тыюу салуу демилгесин колдобой турганын расмий билдирген.

Натыйжада чара жумшартылып, куур аркылуу ташылган мунайга эмбарго киргизилбей турган болду. Чектөө деңиздеги порттор аркылуу ташылчу мунайга гана кирет.

Евробиримдиктин ичинде Венгрия, Словакия жана Чехия орус мунайын "Дружба" кууру аркылуу жер астынан алып өтөт. Башка өлкөлөр мунайды Балтика деңизи жана Кара деңиз аркылуу ташып келишкен. Эгер танкерлер менен ташып келүү буулса, жыл соңуна чейин Орусиядан Евробиримдикке келчү мунай 90% кыскарат деп эсептелди.

Венгрия мындан сырткары Орусиянын Православ чиркөөсүнүн патриархы Кириллди санкциялык тизмеден чыгарууну талап кылганын Bloomberg басылмасы жазган. Кириллди тизмеге киргизүүнү Литва сунуштаган.

“Эркин Европа/Азаттык радиосунун” Брюсселдеги кабарчысы Рикард Йозвяк кабарлагандай, соңку тизмеден патриарх чыгарылды.

13:06 3.6.2022

Украин аскерлери Северодонецк шаарында орус аскерлерине каршы салгылашууда айрым ийгиликке жеткенин, бирок Донбасстагы абал ал буга чейин “өтө оор” деп мүнөздөгөндөн жакшыра электигин 2-июндакечки кайрылуусунда билдирди.

Украин күчтөрү өлкө чыгышындагы район-шаарларды коргоп калуу аракетин көрүп, Кошмо Штаттар убада кылган курал-жарак келгенче айыгышкан салгылашуусун улантууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG