Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:41
Львовдун борборундагы ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине кирген имарат, 24-март, 2026-жыл
Львовдун борборундагы ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине кирген имарат, 24-март, 2026-жыл

Украина: Орусия кайрадан жапырт сокку урду, дрондор Эстония, Латвияга жетти

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




13:19 3.6.2022

Newsweek: Владимир Путинге кол салуу аракети болгон

Америкалык Newsweek журналы Кошмо Штаттардын жогорку мартабалуу үч аткаминерине таянуу менен быйыл мартта Орусиянын президенти Владимир Путиндин өмүрүнө кол салуу аракети болгонун кабарлады. Вашингтон бул маалыматтарды Чалгын кызматы аркылуу алган.

Путинге кол салуу жөнүндө “Украинская правда” басылмасына Украинанын Коргоо министрлигинин Башкы чалгын кызматынын жетекчиси Кирилл Буданов май айынын башында айтып чыккан. Буданов президентти өлтүрүү аракети “эки ай мурда болгонун” билдирген. Бул убакыт америкалык чалгынчылар айткан мөөнөткө дал келип жатат.

Newsweek журналынын булактары Владимир Путин “рак (өсмө) илдетинин акыркы стадиясы менен жабыркай турганын, ал өлүм алдында турушу мүмкүндүгүн” айтышкан. Жогорку аткаминерлер "ошол себептүү орус президенти өз көлөкөсүнөн да шектенген абалда жүргөнүн" билдиришкен.

13:44 3.6.2022

Изилдөө: Орусия армиясы үчүн Украинанын оккупацияланган аймактарын көзөмөлдөө кыйын болууда

Вашингтон согушту изилдөө институту Украинадагы куралдуу кагылышуу боюнча күнүмдүк баяндамасын жарыялады.
Ага ылайык, Орусиянын армиясы Северодонецк жана Лисичанск шаарларын алган соң Луганск облусунун бошотулганын жарыялашы мүмкүн. Бирок Северодонецкидеги жоготууларынан соң орус аскерлери Донецк облусунун басымдуу бөлүгүн басып ала албайт деп айтылат.

Орусиянын армиясы үчүн аскерлерди мобилизациялоо жана моралдык жактан шыктандыруу кыйын болуп жатат. Укранианын Башкы штабы билдиргендей, "ДНРдин" 1-армиялык корпусу Донецк облусунун оккупацияланган аймактарында мобилизациялоо жараянын Орусиянын 8-бириккен куралдуу армиясынын командачылыгы астында мажбурлоо менен жасап жатканы айтылат.

2-июнда "ДНРдин" 113-полку Орусия президенти Владимир Путинге кайрылуу жолдоп, анда күч менен мобилизацияланган жоокерлер Херсондогу фронтто бүтүндөй согушту тамак-ашсыз жана дары-дармексиз өткөрүшкөнүнө нааразы болушкан.
Эксперттердин пикиринде, Орусиянын күчтөрүнүн мобилизациясы олуттуу согуштук күчтү пайда кыла албайт, тескерисинче аскердик бөлүктөрдү моралдык жактан алсыратып, тартипсиздикти пайда кылат.

Баяндамада орус аскерлери үчүн Украинанын оккупацияланган аймактарында тартипти сактоо кыйын болору да айтылат. Украинанын Каршылык көрсөтүү борбору орус оккупациялык администрациялары “кагаз жүзүндө гана түзүлгөн” жана жергиликтүү калкты көзөмөлдөй албайт, орус рублин колдонууга мажбурлай албайт жана бюрократиялык процесстерди жүргүзө албайт деп билдирди.

18:57 4.6.2022

Таңга маал орусиялык авиация Сумы облусун аткылаганын аймактык аскер администрациясынын башчысы Дмитрий Живицкий билдирди.

"Сумы районунун аймагында төрт жарылуу болду. Жай тургундар арасында курмандыктар жок", - деп билдирди Живицкий.

Живицкий "Свобода" радиосуна курган маегинде акыркы үч жумада аткылоо күчөгөнүн, жарым ай ичинде социалдык инфраструктуралар - мектеп, бала бакча, майыптыгы барлар үчүн интернат тибиндеги имараттар талкаланганын айткан.

19:04 4.6.2022

Орусиянын президенти Владимир Путин орус аскерлери Украинанын буудайын Кара деңиз аркылуу экспорттоого тоскоолдук жаратып жатышканы тууралуу айыптоолорду четке какты. 3-июнда жергиликтүү мамлекеттик телеканалга курган маегинде Путин орус өкмөтү кемелерге Кара деңиздеги порттордон тынч өтүп чыгуусуна кепилдик берерин айтты.

Путин Украина буудайын Николаев жана Одесса шаарларындагы порттор аркылуу алып чыкса болорун, бирок ал үчүн жээкке каткан миналарын тазалашы керектигин, Орусия андан пайдаланып деңизден чабуул жасабай турганын билдирди.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Путиндин айткандарына жооп берип, Украина Одесса порту аркылуу экспортун улантууга даяр экенин, бирок Орусия ошол соода жолун пайдаланып Одессага чабуул жасашы ыктымал деген кооптонуу бар экенин айтып, орус тараптан азырынча андай болбойт дегенге кепилдик жок болуп жатканын кошумчалады.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG