Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:27
Львовдун борборундагы ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине кирген имарат, 24-март, 2026-жыл
Львовдун борборундагы ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине кирген имарат, 24-март, 2026-жыл

Украина: Орусия кайрадан жапырт сокку урду, дрондор Эстония, Латвияга жетти

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




19:19 4.6.2022

Донецк облусунда аткылоодон улам чиркөө (Всехсвятский скит Святогорской лавры) күйүп кетти. Бул Украинадагы жыгачтан курулган эң чоң храм болчу.

19:20 4.6.2022

Украина Северодонецк шаарынын орус аскерлерине алдырып койгон тилкесинин 20% кайрадан өз көзөмөлүнө алганын билдирүүдө. Луганск облусунун башчысы Сергей Гайдай 4-июнда билдиргендей, шаарда салгылашуу уланууда. Ага чейин ал шаардын 70 проценти орус аскерлеринин көзөмөлүндө турганын айткан.

Гайдай Орусиянын аскерлери аймактагы Северский Донец суусундагы көпүрөлөрдү жардырып, аскерлерге жана шаардын жайкын тургундарына жардам жеткирүүгө тоскоолдук жаратып жатышканын кошумчалады.

Эксперттер белгилегендей, Северодонецк менен Лисичанск шаарлары куласа, анда Луганск облусу толук бойдон Орусиянын көзөмөлүнө өтөт. Бул - Кремл “атайын операциясын” баштап жатканда алдына койгон максаттардын бири болчу.

10:41 5.6.2022

Алексей Резников.
Алексей Резников.

Украинанын коргоо министри Алексей Резников орус-украин согушу жыл аягына барып бүтөт деп эсептейт. Ал бул тууралуу Братиславада өткөн GLOBSEC-2022 форумунда сүйлөп жатып билдирди.

Резников орусиялык аскер күчтөрүнүн “дүйнөдөгү экинчи армия” деген образына доо кетти деп айтты. Бул орус күчтөрүнүн фронттогу ийгиликсиз аракеттери үчүн эле эмес, Украина аймагында жайкын тургундарга карата жасаган кылмыштарынан улам болду деди.

Министрдин айтымында, ушул айдын аягында Мадридде өтө турган НАТО саммитинде Украина аскердик альянстын жакынкы 10 жылдык стратегиясына кирүүгө үмүт кылат.

10:54 5.6.2022

Украинанын борбору Киев шаарында 5-июндун таңында бир нече катуу жарылуу болгонун шаар мэри Виталий Кличко тастыктады. Анын айтымында, шаардын эки районунда бир нече жарылуу болду.

“Тийиштүү кызматтар жеринде иштеп жатышат. Толугураак маалымат кийинчерээк берилет”,- деп жазды ал Telegram каналына.

Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары Киевдин чыгыш тарабында чоң түтүн көрүнүп жатканын жазышты.

Акыркы жолу ракеталык чабуул Киевге 28-апрелде жасалып, 25 кабат үй жарым-жартылай талкаланган. Орусиянын ракетасынан ошол үйдө жашаган “Азаттыктын” украин кызматынын кабарчысы Вера Гирич каза болгон.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG