5-июнда эртең менен Киев эле эмес, Николаев дагы ракеталык чабуулга кабылганы кабарланды. Бул тууралуу “Түштүк” аскерлеринин аба командачылыгынын штабынан маалымдашты. Штабдын маалыматына караганда, ракеталар атып түшүрүлгөн. Жабыркагандар болгон эмес.
Орусиянын президенти Владимир Путин эгер Батыш өлкөлөрү Киевди узак аралыктагы ракеталык системалар менен камсыз кыла турган болсо, анда орус күчтөрү Украинадагы "мурда сокку урулбаган позицияларга" чабуул коёрун эскертти. Путиндин интервьюсунун мындай үзүндүсүн "Россия-1" телеканалы 5-июнда жарыялады. Бирок анда орус президенти Украинадагы кайсы аймактарга сокку урулушу мүмкүндүгүн тактаган жок.
Ал АКШнын Украинага берип жаткан жапырт ок атуучу курал-жарактары уруштун нугун өзгөртпөйт деген оюн айтты.
"Менимче ал эч нерсени өзгөртпөйт. Деги эле кошумча курал-жарак менен камсыздоо тууралуу ызы-чуу, менимче, бир гана максатты көздөйт. Бул -куралдуу конфликттин мөөнөтүн болушунча узартуу", - деди Путин.
Өткөн аптада АКШнын президенти Жо Байден Вашингтон HIMARS жогорку мобилдүү артиллериялык ракеталык системасын Киевге берүүгө макул болгонун, украин бийлиги бул куралды Орусиянын аймагына сокку уруу үчүн колдонбоо тууралуу убада бергенин жарыялаган.
5-июнда Испаниянын El Pais гезити жазгандай, расмий Мадрид да Киевге учактарга каршы ракеталарды жана "Леопард" аттуу танктарды берүүгө макул болду.
Орусия 24-февралда Украинага басып киргенден бери он миңдеген адамдын өмүрү кыйылып, миллиондогон тургундар качкынга айланды. Москва Украинадагы жоготуулары тууралуу толук маалымат бербей келет. Бирок Батыштагы жана Украинадагы адистер орус күчтөрүнүн жоготуулары Москва адеп күткөндөн кыйла жогору экенин белгилеп келишет.
Луганск облустук бийлигинин жетекчиси Сергей Гайдай Украинанын Куралдуу күчтөрү Северодонецк аймагынын жарымын көзөмөлдөп турганын билдирди. Анын айтымында, буга чейин орусиялык күчтөр шаардын аймагынын 70 пайызын басып алышкан. Бирок акыркы эки күндө украин аскерлери бир катар жоготкон аймактарын кайра көзөмөлүнө алды.
“Орусиялык сегиз аскер туткунга алынды”,-деди Гайдай. Орусия тарап бул маалымат боюнча комментарий бере элек. Гайдайдын ырасташынча, Орусия Северодонецк менен Лисичанск-Бахмут автожолун басып алуу үчүн Донбасстагы негизги күчтөрүн салды.
Украинанын "Энергоатом" компаниясы жекшембиде Орусиянын күчтөрү Киевди көздөй учурган ракеталарынын бири Түштүк-Украина атомдук электр станциясынын үстүнөн өтө ылдый учуп өткөнүн билдирди. Украинадагы атомдук электр станцияларды башкарган бул компания "орус тарап ракетанын кичинекей бир сыныгы гана иштеп жаткан энергоблокко тийсе, ядролук катастрофа жаралышы мүмкүндүгүн түшүнбөй жатканын" белгиледи. Бул атомдук электр станция Украинанын түштүгүндөгү Николаев облусунда жайгашкан.
Киевдин мэри Виталий Кличко орус күчтөрү 5-июнда таң эрте учурган ракеталары украин баш калаасынын Дарницкий жана Днепровский райондоруна түшкөнүн Телеграмга жазды. Анын маалыматына ылайык, соңку чабуулдан кеминде бир киши жаракат алды.
Орусиянын Коргоо министрлиги аскердик учактан учурулган узак аралыктагы ракеталар Киевдин четинде чыгыш европалык өлкөлөр Украинага берген T-72 танктарын жана башка аскердик техникаларды жок кылганын билдирди. Соңку бир нече аптадан бери Орусия Украинанын баш калаасына сокку ура элек болчу.
Ал арада Украинанын чыгышындагы Луганск облусунун Севередонецк шаарында айыгышкан салгылашуулар уланып жатат. 4-июнда украин күчтөрү орус аскерлеринин көзөмөлүнө өткөн айрым райондорду бошотконун билдирди. Ушундай эле куралдуу кармаш Лисичанск шаарында да уланып жатат.