Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:25
2026-жылдын 5-майы. Украина, Холодный Ярдагы Орусиянын соккусунун кесепети.
2026-жылдын 5-майы. Украина, Холодный Ярдагы Орусиянын соккусунун кесепети.

Украина: Ок атышпоо режими аяктады, бир нече аймакка жапырт сокку урулду

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Андан бир апта мурда, 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




11:51 6.6.2022

Украинанын президенти Владимир Зеленский 5-июнда өлкө чыгышындагы Лисичанск жана Соледар шаарларына барганын видеокайрылуусунда билдирди. Ал ошол жакта орус армиясына каршы күрөшүп жаткан жоокерлер менен жолукканын айтты.

Лисичанск - Северодонецкке танапташ жайгашкан шаар, Соледар - Северодонецк менен Лисичанск шаарларын Украина көзөмөлдөгөн негизги аймак менен байланыштырып турган жолдо жайгашкан шаар.

Зеленский аскерлер менен жолугуп, фронттогу абал жана материалдык-техникалык камсыздоо тууралуу сүйлөшкөнү, айрымдарына сыйлык тапшырганы кабарланды.

14:00 6.6.2022

Киев шаарынын мэриясы вагондорду оңдоочу заводдун сокку урулгандан кийинки сүрөттөрүн жарыялады.

Заводго Орусиянын армиясы төрт жолу ракеталык сокку урган. Каза болгондор жок. Бир адам жараат алып, ооруканага жаткырылды.


14:13 6.6.2022

Лавров Сербияга сапарын токтотууга аргасыз болду

Бир катар Балкан мамлекеттери Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун учагына аба майданын ачуудан баш тарткандыктан ал Сербияга сапарын токтотууга аргасыз болду.

"Сербиянын айланасындагы мамлекеттер бардык байланыш каналдарын жаап, Сербияга бараткан Сергей Лавровдун учагын өткөрүүгө уруксат берүүдөн баш тартышты",-деди министрликтин расмий өкүлү Мария Захарова 6-июнда.

Ал кайсы мамлекеттер экенин так айткан жок. "Интерфакс" маалымат агенттиги жогорку даражалуу орус дипломаттарынын бирине таянып, НАТОго мүчө Болгария, Түндүк Македония жана Монтенегро сыяктуу мамлекеттер Лавровдун учагына алардын аба майданы аркылуу өтүүгө уруксат бербей коюшканын жазды.

15:27 6.6.2022

Северодонецкиде украин күчтөрү кайрадан сүрүлө баштады

Донбасстагы Северодонецк шаарында украин күчтөрү кайрадан орус армиясынын чабуулуна кабылды. Бул тууралуу Луганск облусунун губернатору Сергей Гайдай 6-июнда билдирди. Ишембиде украин күчтөрү калаанын дээрлик жарымын кайра өз карамагына кайтарганы белгилүү болгон.

"Биздин коргоочулар кайсы бир убакытка каршы чабуулга өтүп, шаардын дээрлик жарымын бошотуп алышкан. Бирок кырдаал биз үчүн кайрадан начарлап кетти",-деди Гайдай.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG