Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:30
2026-жылдын 5-майы. Украина, Холодный Ярдагы Орусиянын соккусунун кесепети.
2026-жылдын 5-майы. Украина, Холодный Ярдагы Орусиянын соккусунун кесепети.

Украина: Ок атышпоо режими аяктады, бир нече аймакка жапырт сокку урулду

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Андан бир апта мурда, 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




15:52 6.6.2022

Путин Украинадагы жаңы буталарга сокку урулушу мүмкүндүгүн эскертти

Орусиянын президенти Владимир Путин эгер Батыш өлкөлөрү Киевди узак аралыктагы ракеталык системалар менен камсыз кыла турган болсо, анда орус күчтөрү Украинадагы "мурда сокку урулбаган" аймактарга чабуул коёрун эскертти. Путиндин интервьюсунун мындай үзүндүсүн "Россия-1" телеканалы 5-июнда жарыялады. Бирок анда орус президенти Украинадагы кайсы аймактарга сокку урулушу мүмкүндүгүн тактаган жок.

Ал АКШнын Украинага берип жаткан жапырт ок атуучу курал-жарактары уруштун нугун өзгөртпөйт деген оюн айтты.

"Менимче, ал эч нерсени өзгөртпөйт. Деги эле кошумча курал-жарак менен камсыздоо тууралуу ызы-чуу, бир гана максатты көздөйт. Бул -куралдуу конфликттин мөөнөтүн болушунча узартуу", -деди Путин.

17:48 7.6.2022

Орусия Мариупол шаарындагы "Азовсталь" заводунун айланасында мерт болгон украин аскерлеринин сөөгүн өткөрүп бере баштады. Бул тууралуу Associated Press (AP) жаңылыктар агенттиги кабарлады.

Басылманын маалыматына ылайык, ондогон аскердин сөөгү Киевге жеткирилип, алардын тек-жайын аныктоо иши жүрүп жатат. Бул маалыматты "Азовсталда" мерт болгон жакындарынын сөөгүн өткөрүп алган адамдар ырасташкан.

17:50 7.6.2022

Северодонецк шаары үчүн айыгышкан кармаш жүрүп жатат

Украинанын чыгышындагы Луганск облусунда украин күчтөрү менен орус аскерлеринин ортосунда Северодонецк шаары үчүн кармаш уланып жатат. Орус күчтөрү бул шаарга тынымсыз чабуул коюп жатканын Украинанын Коргоо министрлиги 7-июнда билдирди.

"Агрессордун негизги аракети Северодонецк жана Бахмут аймагына багытталган", - деп айтылат расмий билдирүүдө.

17:53 7.6.2022

Орусия АКШнын дагы 61 жаранын санкциялык тизмеге кошту

6-июнда Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Кошмо Штаттардын дагы 61 жаранын санкциялык тизмеге кошту. Алардын арасында каржы министри Жанет Йеллен, энергетика министри Женнифер Грэнхолм, президенттик кеңешчиси Майкл Донилон, Netlflix компаниясынын башчысы Рид Хастингс, Universal Pictures компаниянын жетекчиси Питер Крамер, Нью-Йорк фондулук биржасынын төрагасы Жеффри Спречер сыяктуу америкалык расмий жетекчилер, ишкерлер жана коомдук ишмерлер бар.

Москва мындай чечимге АКШнын орусиялык саясатчыларга жана ишкерлерге санкция салып жатканы себеп болгонун билдирди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG