Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:54
Львовдун борборундагы ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине кирген имарат, 24-март, 2026-жыл
Львовдун борборундагы ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине кирген имарат, 24-март, 2026-жыл

Украина: Орусия кайрадан жапырт сокку урду, дрондор Эстония, Латвияга жетти

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




17:55 7.6.2022

Донбасстагы жикчилдер орус генералы Кутузов мерт болгонун ырасташты

Украинанын Донецк облусундагы Москва колдогон жикчилдердин лидери Денис Пушилин Орусиянын дагы бир жогорку аскердик командири, генерал-майор Роман Кутузов мерт болгонун ырастады. Пушилин 7-июнда Кутузовдун сүрөтүн жана ага арналган коштошуу катын Телеграмга жарыялады. Бирок анда орус генералы кандай шартта каза тапканы жазылган эмес.

Эки күн мурда Кремлди жактаган бир катар орусиялык журналисттер генерал Кутузов Украинанын чыгышындагы Луганск облусунун Попасная районундагы Николаевка айылынын жанында каза тапканын билдиришкен.

12:44 8.6.2022

Украинанын портторун бошотуу үчүн өлкөгө курал-жарактарды жеткирүү жана үчүнчү өлкөлөрдүн деңиз күчтөрүн тартуу керек

Украинанын Коргоо министрлиги деңиз портторун орус армиясынын камоолунан чыгаруу боюнча кайрылуу жасады.

Анда министрлик Орусиянын Николаев шаарындагы дан терминалына ракеталык сокку урганын, дан азыктарын жеткирүү үчүн бул аймактагы коопсуздукту кепилдөө маанилүү экенин белгиледи.

"Мындай кепилдиктер Украинага жээкти деңизден келе турган чабуулдардан коргоо үчүн тийиштүү курал-жарактарды берүү жана Кара деңиздин тиешелүү бөлүгүн кайтарууга үчүнчү өлкөлөрдүн деңиз күчтөрүн тартуу аркылуу берилиши керек,-деп айтылат билдирүүдө.

"Түркиянын Украина портторун бошотууга багытталган аракетин жогору баалайбыз. Ошол эле учурда белгилей кетсек, учурда бул маселе боюнча Украина, Түркия жана Орусиянын ортосунда келишимдер жок. Биз бардык тиешелүү тараптардын катышуусу менен чечимдер кабыл алынышы керектигин баса белгилейбиз. Украинанын кызыкчылыгын эске албаган бардык келишимдерди четке кагабыз".

Украинанын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө Украина дүйнөлүк рынокко жүк ташуучу унаалар, темир жол жана дарыя транспорту менен эгин жеткире баштаганы айтылат.

12:51 8.6.2022

Харьков шаарынын бийлиги Орусиянын армиясы турак жайларды аткылаганын, кеминде бир адам өлүп, жарадарлар бар экенин билдирди.

Харьковдун чет жакаларына Орусиянын Белгородунан күн сайын "учуп келүүлөр" байкалууда.

12:57 8.6.2022

Украина орус аскерлери басып алган бардык аймактарын өзүнө кайтаруу үчүн күрөшүн уланта берерин өлкө президенти Владимир Зеленский 7-июнда украин аскерлери өлкө чыгышында Северодонецк шаарында айыгышкан салгылашуусун улантып жаткан учурда билдирди.

Украина тарап соңку бир сутка ичинде Донецк жана Луганск облустарында орус аскерлери 16 калктуу пунктту аткылаганын, ал эми украин жоокерлери алардын 11 чабуулунажооп кайтара алганын маалымдады.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG