Европарламент Украинага шаркетке мүчө болууга талапкер статусун берүүнү сунуш кылды
Европарламенттин депутаттары Орусиянын Украинага каршы агрессивдүү согушунан кийинки тышкы саясатка жана коопсуздукка тиешелүү резолюцияны кабыл алды. Документ Еврокомиссияга жана Еврокеңешке Украинага "талапкер" деген макам берүүнү сунуш кылды.
Deutsche Welle кабарлагандай, 438 депутат резолюцияны колдоду, 65и каршы добуш берди, 94ү калыс болду.
Документтин бир пунктунда: «Украин эли менен тилектештик иретинде Украинага талапкер статусун берүү зарыл», - деп айтылат.
Украинада тувалык тогуз аскер жайкын тургундарды өлтүрүүгө айыпталды
Украинанын башкы прокурору Ирина Венедиктова тувалык тогуз аскерди Чернигов облусунда жайкын тургундардын өлүмү үчүн айыптады. Прокурор аскерлердин ысымын Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, орус аскерлери Ягодное айылынын 300дөй жашоочусун, арасында 77 баланы, мектептин жертөлөсүнө чогултуп, 20 күндөй калкан катары колдонушкан.
Украинанын Орусия басып алган Херсон жана Запорожье облустарынын администрация өкүлдөрү ал жакка орус президентинин администрация башчысынын биринчи орун басары Сергей Кириенко 7-июнда барып кеткенден кийин Орусияга кошулууга даярдык көрүү тууралуу айтып чыгышты.
Кириенко жок эле дегенде Херсон облусунун Орусияга кошулуусу Крымдын мисалында жүргүзүлөрүн айтканы кабарланууда, бирок бул боюнча расмий маалымат жок.
Зеленский: "Донбасстын тагдыры Северодонецкиде чечилет"
Северодонецк шаары үчүн кармаш Донбасстын тагдыры үчүн чечүүчү роль ойнойт. Мындай оюн украин президенти Владимир Зеленский шаршембинин кечиндеги кайрылуусунда айтты. Өлкө чыгышындагы стратегиялык шаар бир нече күндөн бери айыгышкан салгылашуулардын очогу болуп келатат. Ал жердеги абал улам өзгөрүүдө.
Луганск облусунун губернатору Сергей Гайдай орус күчтөрү “Северодонецкинин ири бөлүгүн көзөмөлгө алганын”, бирок өнөр жай зоналары украиндердин колунда экенин, шаардын көчөлөрүндө кармаш уланып жатканын Телеграм каналына жазды.