Батыштын чалгынчылары Орусия согушта 20 миңдей аскерин жоготконун билдирди
Украинага кол салгандан бери Орусиянын 20 миңдей аскери каза тапты. Бул тууралу The Guardian гезити британиялык чоң кызматтагы булагына таянып жазды. Буга чейин Батыштын чалгыны 15 миңдей орусиялык жоокер набыт болгонун кабарлаган эле.
Орусия армиясы Луганск облусунун батышындагы алар кандайдыр бир ийгиликтерге жетишип, алдыга жылып жаткан Северодонецк жана Лисичанск шаарларынын аймагындагы салгылашууларда көп сандагы жоокерди жана согуштук техникаларын жоготуп жатат. Украина Кремлдин аскердик жоготуулары 31 миңдей деп эсептейт. Орусиянын Коргоо министрлиги Украинадагы согуш учурунда курмандыктары тууралуу маалыматтарды сейрек жарыялайт.
Украинанын жоготууларынын да саны так белгилүү эмес. УНИАН агенттиги Украинанын коргоо министри Алексей Резниковго таянып, азыр өлкөнүн куралдуу күчтөрү күн сайын 100дөй согушкерди жоготуп, 500гө жакыны жарадар болуп жатканын билдирди.
Согуш учурунда бул маалыматтарды ыкчам тактоо мүмкүн эмес.
Сумы облусунда канаттуу ракетаны атып түшүрүштү
Украинанын куралдуу күчтөрү Сумы облусунун Ромен районунда орусиялык канаттуу ракетаны атып түшүрүштү. Бул тууралуу облустун губернатору Дмитрий Живицкий билдирди.
Донецкиде Украина үчүн согушкан үч чет өлкөлүктү өлүм жазасына кести
Донецкиде өзүн "ДНР" деп атаган жикчил топтун Жогорку соту Украинанын чыгышындагы салгылашууда украин аскерлеринин катарында согушуп, жикчилдердин туткунуна түшкөн үч чет өлкөлүк ыктыярчыны өлүм жазасына кести.
Орусиянын мамлекеттик басылмалары алардын аты-жөнү - британиялык Эйден Аслин жана Шон Пиннер, марокколук Брагим Саадун экенин кабарлады. Алар "ДНРде" жалданмачылык жана “бийликти басып алууга багытталган аракеттер” беренелери боюнча айыпталууда.
Интерфакс белгилегендей, соттолгондордо апелляциялык даттануу үчүн үч ай убактысы бар.
Орус маалымат каражаттары жазгандай, британиялыктар Мариуполдо апрелдин ортосунда, марокколук мартта Донецк облусунун Волноваха шаарында багынып беришкен.
Орусия жикчил республикалардын бийликтери сыяктуу эле украиналык согушкерлер тарапта согушуп жаткандарды ыктыярчы катары эсептебейт жана аларды согуш туткундарынын укугунан ажыратууну колдойт.
Украинанын армиясында миңдеген чет өлкөлүк ыктыярчы согушуп жатат. Президент Владимир Зеленскийдин буйругу менен мындай ыктыярчылар үчүн атайын “Украинаны коргоо боюнча эл аралык легион” түзүлгөн.
Украинанын маалыматына караганда, Северодонецкиге чабуул койгон орус күчтөрү шаардын түштүгүнө карай жылып баратат. Луганск облусунун губернатору Сергей Гайдай маалымдагандай, орус армиясы Орехово айылын басып, ошол жерде турушат. Бул жер Северодонецк жана коңшулаш Лисичанск шаарынан 30 чакырымдай түштүк тарапта.
Лисичанск Северодонецкинин батыш жагында. Эки шаарды Түндүк Донец дарыясы бөлүп турганы калааны коргоого кошумча артыкчылык берет. Ал эми орус аскерлери түштүктөн дарыянын ошол эле батыш тарабын бойлоп келе жатат.
Орус аскерлери Орехового чектеш Врубовка айылына «Солнцепек» от чыгаруучу системасы менен чабуул жасаганы да маалымдалган. Гайдай айылда көптөгөн үйлөр күйүп кеткенин, азыр жабыркагандарды так эсептөө мүмкүн болбой жатканын айтат.
Анын айтымында, Северодонецкиде көчө салгылашуулары уланууда, шаардын көпчүлүк бөлүгүн орус аскерлери көзөмөлдөп турат.Украинанын Башкы штабынын маалыматы боюнча түндүк-батыш тарапта орус аскерлери Славянскиге чабуул коюуга даярданып, 20 чакырымдай алыстыктагы Богородичне кыштагын басып алууга аракет кылууда.
Украин бийликтери орус күчтөрү артиллериялык күчтө чоң артыкчылыкка ээ экенин баса белгилеп, Украинанын армиясы өлкөнүн чыгышындагы орусиялык чабуулга туруштук бериши үчүн Батышты тезирээк курал-жарак жеткирүүгө үндөөдө.