Эстониянын Тышкы иштер министрлиги Путиндин сөзүн айыптады
Эстониянын Тышкы иштер министрлиги 10-июнда Орусиянын элчиси Владимир Липаевди чакырып, Путиндин Нарва шаарына байланыштуу сүйлөгөн сөзүн айыптады. Бул тууралуу рассмий Таллин кабарлады.
Орус элчиси менен жолуккан расмий өкүл Путиндин соңку сөздөрү өзгөчө Орусиянын Украинага басып киришинин фонунда “өкүнүчтүү” экенин белгиледи.
Эстониянын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө Орусия эл аралык укуктарды сыйлабай, эгемендик, аймактык бүтүндүк принциптерин бузганы, империалисттик амбицияларды ишке ашыруу үчүн тарыхты бурмалоо жолу менен пропаганданы колдонуп жатканы айтылат.
Британия менен АКШ бийлиги өзүн “Донецк Элдик Республикасы” (“ДЭР”) деп атап алган жикчилдердин украин тарапта согушкан чет элдиктерди өлүм жазасына тартканын кескин айыптады.
Британ тышкы иштер министри Лиз Трасс кармалгандар “аскердик туткун” болуп саналарын жана аларга чыгарылган өкүм “таптакыр мыйзамсыз” экенин Твиттердеги баракчасына жазды. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Орусияны жана ал көзөмөлдөгөн аймактардагы күчтөрдү эл аралык укуктарды сыйлоого чакырып, туткундарга карата мамилени сынга алды.
Арестович Украинанын курмандыктарынын жалпы санын атады
Украинанын президентинин аппарат жетекчисинин кеңешчиси Алексей Арестович, өзүнүн эсебинде согуш башталгандан бери 10 миңге жакын украин жоокери каза болгонун айтты. Бул тууралуу TСН телеканалы билдирди.
Орусиялык укук коргоочу Марк Фейгин менен маектешкен учурда Арестович калабанын башында күнүнө орто эсеп менен 100 украин аскери каза болсо, орусиялык армияда күнүнө орточо миң адамды жоготкон. Ушу тапта анын эсебинде Москва күнүнө орто эсепте 200-300 жоокерин жоготууда.
Украинанын Запорожье облусунун түштүгүндөгү орус армиясы көзөмөлдөгөн Бердянск шаарында жекшемби күнү эртең менен бир нече жарылуу болду. Окуянын күбөлөрү жана бир катар телеграм каналдары турак-жайлардын арасынан асманга көтөрүлгөн коюу кара түтүн тартылган тасмаларды жарыялашты.
Запорожье облусунун администрациясынын Орусия дайындаган, эл аралык коомчуулук тааныбаган мүчөсү Владимир Рогов шаарда теракт болгонун билдирди. Ал эми мэриянын телеграм-каналында жарылуулар көмөкчордондогу кыска туташууга байланыштуу экени, шаардын бир бөлүгү жарыксыз калганы кабарланды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазган маалыматта электр энергиясы жакынкы аралыкта калыбына келтирилери белгиленген.
Жабыркагандар тууралуу маалымат жок.
Бердянск февралдын аягында Орусиянын көзөмөлүнө өткөн. 12-июнда белгиленип жаткан Орусиянын күнүн утурлай шаарда бул майрам менен куттуктаган көрнөк-жарнактар илинди. Калабада катуу жабыркаган Мариуполдун башкы аянтына да орус желеги орнотулганы кабарланууда.
Буга чейин Запорожье облусунун Орусия оккупациялаган бөлүгүндөгү бир катар шаарларда жардыруу болгон. Энергодарда жарылуудан жергиликтүү оккупациялык администрациянын башчысы жаракат алды. Мелитополдо да жардыруу болгон.
Жардырууларга жоопкерчиликти азырынча эч ким ала элек.