Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) маалыматына караганда, үч миллиондон ашуун украиналык жаранга Евробиримдиктин аймагында убактылуу коргоого алынганын тастыктаган макам берилди. Муну менен алар Евробиримдикте жашоого жана иштөөгө мүмкүнчүлүк алышты. Согуш башталгандан бери Евробиримдикке дээрлик беш миллион украиналык качкын келгени расмий катталган. Алардын көбүн Польша, Чехия жана Германия кабыл алган.
Качкындардын саны мындан көп экени айтылууда. Анткени, бозгундардын айрымдары Евробиримдиктен нары башка өлкөлөргө кетет. Согуш башталгандан кийин Украинадан Евробиримдик өлкөлөрүнө келгендердин бир бөлүгү мекенине кайткан.
9-июнга карата Польша миллиондон ашуун, Германия 780 миң, Чехия 366 миң качкынды кабыл алган. Орусия БУУга Украинадан бир миллиондон ашык качкын кабыл алынганын билдирген, бирок алардын канчасы Орусияда кандайдыр бир расмий макамга ээ болгону жана канчасы мекенине кайтып келиши мүмкүн экендиги тууралуу маалымат берген жок. Украин бийликтери бул окуяда кеп качкындар жөнүндө эмес, депортацияланган адамдар жөнүндө болуп жатканын айтып, Орусияны алардын укуктарын бузду деп айыптоодо.
Орусиялык артиллерия Северодонецк менен байланыштырган үч көпүрөнүн экөөнү талкалады.
Луганск облусунун аскердик администрациясынын маалыматында, орусиялык күчтөр өткөн суткада Северодонецк менен байланыштырган үч көпүрөнүн экөөнү талкалап салганы айтылат. Шаар менен байланыштырган көпүрөлөрдүн акыркысы тынымсыз артиллериялык аткылоого алынууда.
“Орус күчтөрү Северодонецк шаарына барган жолдорду бөгөп салуу үчүн бүт күчүн жумшап жатат. Кийинки эки-үч күн маанилүү болот. Биз башка багыттар боюнча, тактап айтканда, орус күчтөрү көзөмөлгө алууга аракет кылып жаткан Лисичанск-Бахмут автожолунда чабуул болушун жокко чыгарбайбыз”, - деп жазды Луганск облусунун губернатору Сергей Гайдай.
Каракол шаарында Орусия-Украина согушуна каршы акцияга чыккан орус жараны Илья Шафрановду Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери кармап, кайра бошотту. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна "Кылым шамы" адам укугун коргоо уюмунан кабарлашты.
Баштапкы маалыматтарга ылайык, анын үстүнөн жергиликтүү тургундардын бири "улут аралык кастык козутуп жатат" деген мазмунда атайын кызматка арызданган. Шафранов күбө катары суракка алынган. "Азаттык" азырынча УКМКдан окуянын чоо-жайын тактай алган жок.
Шафранов Кыргызстанга апрелде келгенин, согушка каршы экенин айтып, 12-июнда шаардык стадионго тынчтык акциясына чыгуу үчүн Каракол мэриясына алдын ала кабар бергенин билдирди.
"А дегенде акцияга беш адам чогулабыз деп сүйлөшкөнбүз. Бирок эки киши элек чыктык. Мени кармап кетишкенден кийин шеригим Алексей жалгыз пикет өткөрдү",- деди Шафранов.
Анын кармалганын "Кылым шамы" уюму жана бир катар активисттер айтып чыгышкан. Кыйноолорго каршы улуттук борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков облустук милицияга таянуу менен Шафранов УКМКда экенин маалымдаган.
Орусия Украинага бастырып кирген февраль айынан бери Кыргызстанда согушка каршы бир канча митинг-пикеттер өтүп, айрым катышуучуларды милиция кармап, сот айып салган.
Москванын кадамына макул болбогон орус жарандары башка өлкөлөргө, анын ичинде Кыргызстанга да келишкен. Расмий Бишкек Украина-Орусия маселесинде бейтарап экенин кайталап келет.
Украинанын батышында Тернополь облусундагы Чортков шаарына жекшембиге караган түнү орус аскерлери ракеталык чабуул жасады. Андан 22 киши, арасында 12 жаштагы кыз жараат алганын жергиликтүү бийлик маалымдады.
Кара деңизден төрт ракета атылганы кабарланууда. Тернополь шаардык администрациясынын башчысы Владимир Труштун айтымында, беш кабаттуу төрт турак жай жабыркаган.
Орусиянын Коргоо министрлиги Тернополь аймагына чабуул Кара деңиздеги фрегаттан "Калибр" үлгүсүндөгү ракеталар менен жасалганын тастыктады. Орус тарап курал-жарак жана ок-дарылар сакталган чоң кампа жок кылынганын айтууда.
Тернополь облусунун полициясынын башчысы Александр Богомол ракеталык соккунун негизги бутасы Чортковдогу аскердик объект болгон деп эсептейт, бирок турак-жайлар да жабыркаган. Ал аскердик объектиде курал-жарак болбогондугун белгиледи.
Чортков — Тернополь облусундагы экинчи ири шаар. Фронттон алыс жайгашкан бул аймакка мурда дээрлик сокку урулган эмес.
Негизги согуштук аракеттер азыр Луганск жана Донецк облустарында жүрүүдө.