Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:30
Львовдун борборундагы ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине кирген имарат, 24-март, 2026-жыл
Львовдун борборундагы ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине кирген имарат, 24-март, 2026-жыл

Украина: Орусия кайрадан жапырт сокку урду, дрондор Эстония, Латвияга жетти

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




13:41 14.6.2022

Евробиримдик SWIFT системасынан дагы үч орусиялык банкты өчүрөт

Орусиянын Украинага басып киргенине байланыштуу киргизилген санкциялардын 6-пакетине ылайык, бүгүнтөн тарта орусиялык үч банк SWIFT системасынан өчүрүлөт.

Үч банк тең өлкө ичиндеги операциялары штаттык режимде уланарын, эл аралык акча которууда көйгөй жаралышы мүмкүн экенин белгилешти.

Буга чейинки санкцияларда орусиялык жети банк: ВТБ, "Открытие", "Новикомбанк", "Промсвязьбанк", "Россия", "Совкомбанк" жана ВЭБ SWIFT системасынан чыгарылган болчу.

13:43 14.6.2022

Украин жүгөрүсү альтернативдүү маршрут менен Испанияга жеткирилди

18 тонна украин жүгөрүсү жүктөлгөн кеме дүйшөмбү күнү Испаниянын түндүк-батышындагы портко келди. CNN маалымдагандай, Орусия кошуна өлкөсүнө кол салгандан бери Еврошаркет данды деңиз аркылуу биринчи жолу алды. Кеме Испанияга Балтика деңизи менен барган.

Украинанын тышкы иштер министринин орун басары Дмитрий Сеник 22 тонна буудайды Румыния, Польша жана Балтика өлкөлөрү менен ташуунун жаңы маршруттары түзүлүп жатканын Reuters агентигине жекшембиде билдирген.

13:44 14.6.2022

Орусия: эмгек мигранттары жапырт кетип жаткан жок

Орусиядагы эмгек миграциясынын рыногунда олуттуу өзгөрүүлөр байкалбайт. Орусиянын президенттин алдындагы Эл чарба жана мамлекеттик кызмат академиясынын Социалдык анализ жана прогноздоо институту ушундай жыйынтыкка келди. Баяндамада айтылгандай, быйылкы жылдын май айына карай орус жергесинде 5,99 миллион чет өлкөлүк жаран жүргөнү катталган. Алардын көбү мигранттар же жеке максатта келгендер. Былтыркы май айында алардын саны 5,66 миллион болчу.

Кыргызстандын жарандары 681 миң 165 кишини түзөт. 2021-жылдын майында 623 миң 043 деп көргөзүлгөн. Ал эми пандемияга чейинки мөөнөт менен салыштырганда, кыргызстандыктардын саны төрт пайызга азайган. Бул – эң төмөн көрсөткүчтөрдүн бири.

13:45 14.6.2022

Быйыл Орусиядан 15 миңден ашык миллионер чыгып кетиши мүмкүн

Быйыл байлыгы 1 миллион доллардан көп 15 миңден ашык адам Орусиядан чыгып кетиши мүмкүн. Мындай божомолду дүйнөлүк экономикалык миграцияны изилдөө боюнча Henley&Partners агенттиги билдирди.

“Орусия миллионерлерин жоготуп жатат. Акыркы он жылда бай адамдар Орусиядан жыл сайын эмиграция болууда”, - деди изилдөө үчүн маалымат чогулткан аналитик Эндрю Амойлс.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG