Украинанын президенти Владимир Зеленский Германиянын канцлери Олаф Шольцту Орусия менен Украинанын жаңжалында так позицияны карманууга чакырды.
“Бизге канцлер Шольц Германия Украинаны колдой турганына ишендириши керек. Ал жана анын өкмөтү Украина менен Орусиянын мамилесинде компромисс болушу мүмкүн эмес экенин аңдашы зарыл”, - деди Зеленский ZDF немис телеканалына курган интервьюсунда.
Зеленский “Германиянын аскердик жардам берүү жараянына башка коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу кечигип кошулганын” белгилеп, “эгер Шольц согуш учурунда Киевге келсе, абдан маанилүү кадам болмок” деп кошумчалады.
Байден Беларуска каршы санкцияларды узартты
АКШ президенти Жо Байден Беларуска каршы санкцияларды дагы бир жылга узартты. Бул тууралуу чечим Ак үйдүн сайтында жарыяланды.
“Беларус өкмөтүнүн айрым мүчөлөрүнүн саясаты, беларус режиминин кара ниет ишмердүүлүгү жана аны ашкере пайдалануусу АКШнын улуттук коопсуздугуна жана тышкы саясатына бөтөнчө коркунуч жаратат”, - деп айтылат андагы маалыматта.
Украинадагы согушта каза тапкан кыргызстандык милициянын отставкадагы майору болгон
Украинадагы согушка орусиялык күчтөрдүн катарында катышып, каза болгон Аманбек Курбанбаев Кыргызстандын жараны жана милициянын отставкадагы майору болгон. Ал 23-майда Донбасста жарадар болуп, ооруканага түшкөн. 8-июнда алган жараатынан улам көз жумганын бир тууган агасы "Азаттыкка" айтты. Анын сөөгү мекенине жеткирилип, 13-июнда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Авлетим айылында жерге берилди.
Каза болгон Аманбектин бир тууган агасы Урматбек Курбанбаев иниси "АКШга иштегени барам" деп ушул жылдын март айында кеткенин айтууда.
"Аманбек сыртка чыгып иштеп келем деп март айында кеткен. Көп өтпөй келишимдин негизинде Орусиянын атынан Украинага өз ыктыяры менен согушка кетип жатканын айтты. "Барба" десем көнбөй койду. "Кетип жатам" деп Вотсаптан сүрөтүн салыптыр. 23-майда иниме ок тийип, жарадар болгонун уктук. Ага Ростов-на-Дону шаарында 12 жолу операция жасалып, кийин Москва облусундагы аскердик госпиталга которулуп, анда эки жолу операция болуптур. 5-июнга чейин жандандыруу бөлүмүндө жатып, 8-июнда каза болуптур. Келишим түзгөн тараптарды таппай койдум. Сөөктү өз каражатыбыз менен алып келдик. Москвада иштеген мекендештер жардам беришти".